Алматыда 149 киши мерт болуп, 41 сөөк «уурдалганы» кабарланды. Буга чейин Токаев да айтты эле…

Алматыда 149 киши мерт болуп, 41 сөөк «уурдалганы» кабарланды. Буга чейин Токаев да айтты эле…

Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, жарандардан 149 адам (укук коргоо органдарынын 11 кызматкери) курман болгон. Ошондой эле, ал өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын билдирди. “Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, курал кармаганды жана согуш ыкмаларын мыкты билген адамдар жасаган. Ошол эле маалда алар өлгөндөрдү жана жараат алгандарды калтырбай, баарын өздөрү менен чогуу ала кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага жети жолу чабуул болуп, 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкен”, — деп кечээ, 16-январда билдирген Таймерденов.

15-январда Казакстандын Башкы прокуратурасынын кылмыш иштерди козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилгенин маалымдаган. Ал “өлгөндөрдүн бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар”, — деп тактаган. Ал 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы «бандит» деп сыпатталган адамдар экенин жана алар кандай шартта каза тапканын так айткан эмес. Прокуратура өкүлү билдиргендей, өлкөдөгү соңку окуяларда жалпысынан 4578 жабырлануучу аныкталды жана алардын 4353ү жаракат алган. Алардын ичинде 3393 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Күч кызматтары маалыматтар такталып жатканын, дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишти.

ТОКАЕВ: «Террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим»

Айрымдар Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда, мамлекеттик телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, соңку кырдаал боюнча маалымат да берген. Анын айтымында, өлкөдө антитеррордук операциялар уланып, алар мамлекеттик, жеке менчик мүлктөргө зыян келтирүүдө. Ошондон улам, ал укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук берген.

«Бандиттерди, террорчуларды жок кылыш керек, бул жакын арада толук аткарылат!» деп билдирген Токаев. Ошондой эле ал, террорчулар өлүкканага кол салып, сөөктү алып кеткенин да айткан.

«Биз террор эмеспиз!»

Эске сала кетсек, соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын кымбатташынан башталган. Газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер, кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон. Казак бийлиги мурдараак тополоңдордун жана кыйратуулардын артында “эл аралык террорчулардын бандасы» турганын билдирген. Ал эми карапайым эл: «Биз террор эмеспиз!» деп жазып, талаада турушкан. Кагылышууда адамдардын каза болгону маалым болгону менен саны так айтылган эмес. 13-январда Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга үндөгөн. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.

Токаевдин кайрылуусу…

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» атаган. Тополоңордорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп айткан.

ЖККУнун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында, 7-январда Кыргызстан Казакстанга президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицери, брондолгон 19 техника Кант авиабазасынан учуп кетишкен… Алар 14-январда кайтып келди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.