БШК Исхак Масалиевди кайра шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты. 18и катталды (Тизме)

БШК Исхак Масалиевди кайра шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты. 18и катталды (Тизме)

Бүгүн, 27-январда БШК кайра шайлоого катышам дегендердин саны 60ка жеткенин билдирди. Алардын 18и расмий катталганы БШКнын сайтына жарыяланды.

Талапкер болуп катталгандардын тизмеси төмөндө:

№ 27 Биринчи май шайлоо округуна: Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич, Капаров Чынгыз Капарович, Мамбетсадыков Азамат Нурбекович, Кермалиев Таалайбек Женишович, Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна, Бакиров Бакыт Жеентайович.

№ 29 Свердлов шайлоо округуна: Карамушкина Ирина Юрьевна, Жолдошова Назгүл Амантуровна, Мотуев Нурдин Аманканович, Алканова Элнура Сайдиракмановна, Болотбеков Бакытбек Болотбекович, Маматкулов Нурланбек Жолошович, Алмамбетова Гуля Идиновна, Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамилевич, Аспек уулу Азамат, Саадабаев Бакыт Муратбекович, Бакиров Бакыт Жеентайович, Токтакунов Нурбек Акбарович, Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич.

Исхак Масалиев кайрадан шайлоого аттанганын себебин түшүндүрдү…

Арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын учурдагы депутаты Исхак Масалиев да болгон. Ал Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка аттанган. Бирок, аны талапкер кылып каттоодон БШК баш тарткан. Эл өкүлү анын себебин «Азаттыкка» мындай деп билдирген: «Мен эгерде шайланып калган учурда азыркы депутаттык мандатты тапшырат элем. Партиялык тизме менен «Бүтүн Кыргызстанга» дагы бир депутат кошулмак. Ошентип биз оппозициялык көз караштагы депутаттардын санын көбөйтмөкпүз. Буга мыйзам толук жооп берет. Бирок БШКнын позициясын түшүндүм, алар менен соттошкондун кажети жок«.

Арыз алуу бүгүн аяктайт

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 28-ноябырында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Бишкектеги № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округунун шайлоочуларынын көпчүлүгү “баарына каршы” добуш беришкен. Ошондон улам, БШК быйыл (2022-жылы) 27-февралга кайра шайлоо дайындаган.

Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу бүгүн, 27-январында саат 18.00дө аяктаарын БШК эскертти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.