ИИМ: «Молдомуса Ташболотовичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат»

ИИМ: «Молдомуса Ташболотовичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат»
Некролог- Конгантиев Молдомуса Ташболотович
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мурдагы ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгын өкүнүү менен билдирет. Кайгылуу өлүм биздин катарыбызды ички иштер органдарына кызмат кылууга өз өмүрүн арнаган, өз милдетин ак ниеттүүлүк аткарган татыктуу офицерден ажыратты.
Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Адистиги-укук таануу. Юридикалык илимдердин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.
Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган.
Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал — Абад шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.
2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.
Молдомуса Конгантиев жогорку жоопкерчилик менен мүнөздөлүп, айырмаланчу, жаш кызматкерлер үчүн кынтыксыз кызматтын үлгүсү болуп саналат.
Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генерал-лейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар клубу, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Орду толгус оор жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз. Молдомуса Ташболотовичтин жаркын жана боорукер элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.