Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Колдойбузбу?..

Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Колдойбузбу?..
Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн (9-январда) Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.

Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган.
Долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда. Пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.
Долбоордун максаты:
1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.