Чубак ажынын аялынын арызы чын болуп чыкты

Чубак ажынын аялынын арызы чын болуп чыкты

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирген. Анын айтымында, Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова бүгүн (9-декабрда) жолдошунун үстүнөн милицияга арыз жазган. Анын арызында өзүн, балдарын Чубак ажы аларды дайыма коркутуп келгенин, жолдошунан коргоо суранычы жазылган. Ушундай арыз менен алгач (7-декабрда) «Сезим» кризистик борборуна кайрылган. Ага кайрылган маалыматы анык экендигин А.Оморов тастыктаган.

“Мен бул боюнча тиешелүү жерге жооп берип келдим”

Бүгүн, түштө Чубак ажынын жубайы Гүлнур Жалилованын жашап жаткан үйүнө барып, сураганыбызда, ал кыска, нуска: «Бул боюнча мен тиешелүү жерге жооп берип келдим. Башка айтаар сөзүм жок”,-деген.

Кошуна тууганы да тастыктаган

Анан кошуна тууганына жолугуп, сурасак, ал (аты-жөнүнүн жазылышын каалаган жок) тиешелүү органдарга барып арыз жазып келгендерин, бүгүн участкалык милиция Гүлнур Жалилованын үйүнө келгенин жана “Сезим” кризистик борборуна барышканын тастыктап берген.

“Жубайым бир аз капа болуп жатат”

Чубак ажыдан бул маалыматты тактайлы деп кечээтен бери чалып жатабыз. Ажы такыр эле телефонун көтөрбөй жатат. Буга чейин Чубак ажы аялы менен ажырашпай туруп, дагы бир аял алганын, бул кадамына мыйзамдуу жубайы бир аз капа болуп жатканын, ал кызганууга укугу бар экенин айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.