Үмүт МУКАМБЕТОВА: “Назгүл Мамытова бизге интервью берген эмес”

Үмүт МУКАМБЕТОВА: “Назгүл Мамытова бизге интервью берген эмес”

“Кабарлар.кg” сайтынын ээси Үмүт Мукамбетовадан Назгүл Мамытованын гейлер боюнча интервьюсун сурап, мындай жооп алдык. 

-Үмүт, кесиптешибиз Назгүл Мамытова силердин сайтка гейлер боюнча интервью берди беле?

— Жок, бул тема боюнча Назгүл Мамытова бизге эч кандай интервью берген эмес. Каралоону ойлоп тапкан авторго “боорум ооруду”. Кичине чындыкка жакын нерсени ойлоп таап, жазышса болмок экен.

-Муну кимдер жасашы мүмкүн?

-Назгүл экөөбүздүн мамилебизди көрө албагандар жасашы мүмкүн. Ал эми кесиптешим Назгүл Мамытова жөнүндө айта турган болсом, ал өз ишин тыкан, так жасаган таланттуу журналист. Кыргыз журналистикасында өзүнүн орду бар, аты-жөнү чоң тамга менен жазылган.

(Назгүл Мамытова менен маекти төмөнкү шилтемеден окуңуздар: https://alakan.biz/2018/02/19/nazg-l-mamytova-gejler-tuuraluu-maek-bergen-emesmin)

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.