Адил ТУРДУКУЛОВ: “Азиз адамды шарты жок жерге камоо – бул кыйноо”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Азиз адамды шарты жок жерге камоо – бул кыйноо”

Жалаа жабылып, жабыркаган адамдарды дайыма колдоп, алардын сотунан калбаган, алардан кабар алып турган активист жаран Адил Турдукулов бүгүн да жабырлануучу Ормуковдон кабар алды. “Убактылуу кармоочу жайда көзү азиз адамга ылайыкташкан шарты жок. Темирландын көзү такыр көрбөйт. Ал бирөөнүн коштоосунда жүрүүсү керек. Көзү азиз майыпка шарты жок жерге камап салганы бул кыйноого тете. Кооптуу кылмышкерди кармагандай, ооруканадан кишен салып алып чыгып кетишти”,-дейт ал.

ШИИБ: “Соттун чечими менен камакка алынды”

Бүгүн, 5-мартта, ШИИБнин кызматкерлери көзү азиз активист Темирлан Ормуков ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып, атайын автоунаа менен алып кетип, камашкан. Алар соттун чечиминин негизинде камакка алынганын ырастап, Ормуков №1 тергөө абагына жеткирилгенин билдиришти.

Ичин устара менен тилип жиберген…

Активист жаран, акын Темирлан Ормуков ооруканага ичин тилип түшкөн. Тагырагы, 29-мартта ШИИБге чакырылып, камакка алынганы жаткан учурда ичин устара менен тилип жиберген. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Дарыгерлер анын ичиндеги тилиги коркунучта эмес экенин айтып, жүрөгү боюнча дарыланып жатканын билдиришкен.

Депутат Дастан Бекешов арыз жазган

Эскерте кетсек, Темирлан Ормуков 2016-жылы, андагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап ыр жазган. Анын жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери бар” деп депутат Дастан Бекешов Башкы прокуратурага арыз жазган, Башкы прокуратура аны канааттандырган. Ошондон кийин Ормуков  Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, февраль айында Ормуковго “Жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Аны менен кошо батири да камакка алынган. Соттун мындай чечимин Ормуков четке кагып, “саясий куугунтук” деп келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.