Эртең Аскарбековго акыркы сөз берилип, чечим чыгат. Колдоого келиңиз!

Эртең Аскарбековго акыркы сөз берилип, чечим чыгат. Колдоого келиңиз!

Эртең, 10-апрелде Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго байланыштуу соттук жараяны Биринчи май райондук сотунда саат 14:00до уланат. Аскарбековго акыркы сөз берилип, чечим чыгат.

Сотко нааразычылык акциясы уланат

3-апрелде судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу сот 10-апрелге жылган. Ошол күнү райондук сотунун имаратынын алдында нааразылык акциясы өтүп, ал жерге М.Аскарбековду коргоп белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана Дача СУ участкасынын, Учкун айылынын жашоочулары келишкен. Андагы адамдардын баары эртең сотко келишет. Андан да көп келишет.

“Сотко ишенбейбиз! Аскарбеков Мавляндан колуңду тарт!”

Эскерте кетсек, Мавлян Аскарбековго “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, бир жылдан бери сотто суралып келет. Алгач кылмыш ишин УКМК тергеген, анан сотко ашкан. М.Аскарбеков өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “саясий куугунтук” деп келет. Дегеле коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, активист жарандар “саясий куугунтук, жалган жалаа менен сот чечим чыгарганы турат. Биз азыркы сотко ишенбейбиз! М.Аскарбековдон колуңду тарт!” деп келишет.

А чынында Аскарбеков туура маселе көтөргөн

Коргоп жаткандары туура. Себеби, Мавлян Аскарбеков негизи туура маселе көтөргөн. Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конушундагы тургундардын таламын талашкан. “Элден чогулган акчаны бийлик ачык көрсөтүп берсин, чындап эле жабыркагандар алдыбы же айыл өкмөтү же башка бирөө ортодон акчаны жеп кеткен жокпу? Эмнеге азыркыга чейин жүктүн ээси табылган жок, аты аталган жок” деген маанилүү, көйгөйлүү маселени көтөрүп чыккан. Бийликке ушундай ачуу суроону кабыргасынан койгондуктан суралып жүрөт. Бул баарыбыз көтөрө турган маселе болчу… Андыктан, элдин таламын талашкан активист жараныбызды коргоп, колдоп алалы, келиңиздер!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.