Атамбаев КСДП депутаттарын резиденцияга чогултуп, эмнени сүйлөштү?

Атамбаев КСДП депутаттарын резиденцияга чогултуп, эмнени сүйлөштү?

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги фракция депутаттары менен “Ала Арча” резиденциясында жолугушту. Жолугушууга КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн он тогузу катышкан.

Жолугушууда эмне талкуу болгонун КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «24.kg» агенттигине буларды айткан: «Бүгүнкү жолугушууда партиянын ички иштери, пландары тууралуу сөз болду. Алмазбек Атамбаев партиянын курамына жана биримдигине өзгөчө басым жасады. Ал жеке мүнөздөгү эч кандай суроо көтөргөн жок. Жеке кызыкчылыктар, жеке сурануулар тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Сүйлөшүү партиянын иши жана мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө гана өттү. Андан тышкары партияны тазалоо жана анын курамын жаңыртууга кайрылды».

Эми «эч нерсе суранган жок» дей беришет да. Кантип эле? Баарын ачык айтмак беле? Жашырып-жаап. бийликтен кетсе да Атамбаевди колдоп жаткан Иса Өмүркулов менен Мээрбек Мискенбаевге «даңк жана дүңк»! Атамбаев суракка алынчу күн деле келет. Ошондо ушулар колдоп, аягына чейин туруп беришет болду бекен?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.