Кабай КАРАБЕКОВ, журналист: “Президент убадасын аткарды”

Кабай КАРАБЕКОВ, журналист: “Президент убадасын аткарды”

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартканы жана журналисттин өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюу да алынганын журналист өзү билдирди. «Бүгүн президент тиешелүү документке кол коюп, сот аткаруучуларга жөнөттү. Сооронбай Шарипович иш сапары менен Брюсселде жүргөндө сөз эркиндигин коргоого убада кылган, мына бүгүн ошол сөзүн иш жүзүндө далилдеди. Бул башкаларга үлгү жана жакшы прецедент», — дейт Кабай Карабеков.

Экс-президент жаңы президенттен кечиримдүү болушту үйрөнүүсү керек!

Эскерте кетсек, 22-февралда Жогорку сот Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып, Карабеков Жээнбековго 5 миллион сом төлөп бериши боюнча чечим чыгарган. Ошол чечим бүгүн жокко чыгарылды. Эскерте кетсек, 5-февралда президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан. “Кабай Карабековдун 5 миллион сомун деле кечирип койбойсузбу?” деген суроого кечире албастыгын айткан эле. Бирок, кек сактабай, көп ойлонбой кечирди. Кечиримдүү болушту экс-президент жаңы президенттен үйрөнүүсү керек!

Кабай Карабеков эмне күнөө кылды эле?

Түшүнүктүү болуш үчүн, Карабековдун күнөөсүн айта кетсек, 2017-жылдын 11-сентябрында 24.kg сайтында Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган «Социалдык реформалар коому» менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты» деп жазылган. Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сотко кайрылган. Моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук соту алардын доосун канааттандырган. Карабеков буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык соту да райондук соттун чечимин өзгөрткөн эмес.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.