Исхак МАСАЛИЕВ: “Өкмөттү КСДП колдобой койгонуна таңгалдым”

Исхак МАСАЛИЕВ: “Өкмөттү КСДП колдобой койгонуна таңгалдым”

Жогорку Кеңештин жыйыны түштөн кийин уланып, анда эки гана депутат сүйлөп, тарап кетишти. Алгач депутат Исхак Масалиев сүйлөп, КСДП фракциясын сынга алып, алардын бетине ачуу чындыкты айтты. “Бүгүн тарыхый күн болуп отурат. Бүгүн биз өкмөттү кетирдик. Бул бир. Экинчиден, мурунку бийлик Өкмөттүн башынан бир тал чачын түшүрбөй сылап, коргоп турган болчу. Ал бийлик кеткенден кийин, бүгүн Өкмөт боюнча ачык ойлор айтылды. Өкмөттүн ишмердүүлүгү биз күткөн деңгээлде болбой калды. Ички, тышкы карыздар көбөйүп кетти, ошон үчүн кетти. Үчүнчүдөн, Өкмөттү колдобоо сунушту, биздин сунушту КСДП колдогонуна бир жагынан ыраазы болдум, экинчи жагынан таңгалып калдым. Себеби, алар бир жума мурун эле Өкмөттүн отчетуна жакшы баа берип, аны колдогон. Бүгүн болсо колдобой койгону жакшы болбой калды, жеке менин пикиримде. Силер Өкмөттү коргошубуңар керек болчу. Бул эмнени билдирет? Бул фракцияга ишеним жок деген сөз. Төртүнчүдөн, мен “Кыргызстан” менен “Бир бол” фракцияларына кайрылып кетет элем, сиздер мурда деле коалицияда жүрүп, бир да кадр маселесин чече албай жүргөнсүңөр. Ошондуктан, коалициядан чыгып, оппозицияны калтырып койсоңор жакшы болмок”,-деди Исхак Масалиев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.