Сапар ИСАКОВ: “Кылган ишимде жүзүм жарык деп ойлойм”

Сапар ИСАКОВ: “Кылган ишимде жүзүм жарык деп ойлойм”

Сапар Исаков “Апрель” телеканалына келип, түз эфирде үч саат сүйлөдү. “Сиз кыска убакыт иш алып бардыңыз, ишиңиз боюнча жүзүм жарык деп ойлойсузбу?”,-деген суроого, ал: “Жүзүм жарык деп ойлоп жатам, анткени, туура чечим, жакшы нерселерди жасадым, мен ошо менен сыймыктанам. Дагы көп нерсени жасайын дегем ага үлгүрбөй кетип жатам. Эми баары Кудайдан, Алла Талаадан. Адам өзүнүн абийирин, адамдык касиетин сактап калуу керек. Акча менен бийликке берилбеш керек, бул өтө маанилүү нерсе”,-деди.

“Депутаттарга кайрылуу жасап койбойсузбу?”,-деген суроого: (күлүп) алар жөнүндө сөз кылгым келген жок чыны, эми депутаттар аман эле болсун. Депутаттарга эмес, элге кайрылгым келет. Элге адилеттүү жетекчилүү болушун каалайм, адилеттүү башчы келсе, баары жакшы болот”,-деп бүтүрдү маегин.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.