Сапар Исаковду колдоп, колдобогондордун тизмеси

Сапар Исаковду колдоп, колдобогондордун тизмеси

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарып, токтом кабыл алышты. Аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Тизме төмөндөгүдөй:

Мыйзам боюнча, парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Ошентип, Сапар Исаков түйүнчөгүн түйө баштады. Ал жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен.  Сапар Исаков 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылык “Ата Мекен», “Республика Ата-Журт” жана «Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын алдында өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип, жыйынтыгында «канааттандырарлык эмес» деген баа алган. Андагы талкууда анын талылуу катачылыктары аталган: Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, «Акылдуу шаар» долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Жакында эле дагы катачылык кетирген, ал президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган УКМКнын орун басары Болот Сүйүнбаевди (бул киши экс-президент Алмаз Атамбаевдин жансакчысы болуп, Атамбаев бийликке келгенде таасирлүү кызматка көтөрүлгөн) Финансы полициясынын жетекчилигине алып келген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.