“Ата Мекен” Абылгазиевден Текебаевдин түрмөдө коопсуздугун камсыз кылууну суранышты

“Ата Мекен” Абылгазиевден Текебаевдин түрмөдө коопсуздугун камсыз кылууну суранышты

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары фракциялык жыйында премьер-министрге талапкер Мухамметкалый Абылгазиевден Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугун камсыз кылууну суранышты. Аталган фракциянын башчысы Алмамбет Шыкмаматов: «Түрмөдө Өмүрбек Текебаевге карата коркутуп-үркүткөндөр болуп жатыптыр. Анын жанына адам өлтүрүү беренеси боюнча соттолгон кишини отургузабыз дегени чындык. Тилекке каршы, мындай маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы танып жатат. Сиз Өмүрбек Чиркешовичтин коопсуздугун камсыз кылууну колго алып, оңго чечип берсеңиз», — деди.

Эскерте кетсек, А.Шыкмаматов кечээ парламенттин жалпы жыйынында Текебаевге кысым болуп жатканын айткан. Дароо эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жооп берип, Текебаевге эч кандай кысым жоктугун, мурдагы отурган жердин эле дарыланып жатканын билдирген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.