Күйөөсүн кызганып эки баласына бензин чачып, өрттөп өлтүрдү…

Күйөөсүн кызганып эки баласына бензин чачып, өрттөп өлтүрдү…

Сурхандарыя облусунун Шурчин районунун 27 жаштагы жашоочусу 15-апрелде өзүнө жана уктап жаткан эки кичинекей баласына бензин чачып өрт койгон. Денеси жүз пайыз күйүк алган балдар чарчап калып, өзү оор абалда ооруканада жатат. Бул окуя боюнча “Атайлап адам өлтүрүү”, “Өзүн өлүмгө жеткирүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун прокуратура кызматкеринин айтымында, кылмышка шектүү аял жарандык никедеги күйөөсү менен урушуп кетип, ушундай кадамга барган. “Тергөө учурунда белгилүү болгондой, уруш кызганычтан улам келип чыккан. Аял эки литрлик канистрдеги бензинди өзүнө анан уктап жаткан балдарына чачып өрт койгон. Милицияга жана өрт кызматына коңшулары кабар беришкен”, – деген прокуратура кызматкери.

Маалыматтарга караганда, аялдын жарандык күйөөсү дагы он беш пайыздык күйүк менен ооруканада.

Нооруз айлынын активисттеринин бири аял жарандык никедеги күйөөсү башка менен үйлөнүүнү пландап жатканын уккан соң, өзүнө жана балдарына өрт койгонун айтты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Күйөөсүн кызганып эки баласына бензин чачып, өрттөп өлтүрдү…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.