Тогуз-Торолуктар кайрадан “толкуду…”

Тогуз-Торолуктар кайрадан “толкуду…”

Бүгүн, 23-апрелде,Тогуз-Торонун тургундары кайрадан Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар эки айга камакка алынган 12 кишини бошотуу талабын коюшууда. «Камалган балдарды кое беришсин. Аларды кое бербесе, анда бүт айыл элин камасын! Анткени Макмалдагы башаламандыкка баарыбыз катышканбыз! Бул маселе чечилмейин тарабайбыз! Тогуз-Торолуктар Бишкекке бет алышты, катарыбыз мындан дагы көбөйөт”,-дешүүдө…

Эскерте кетсек, 11-апрелде, Тогуз -Тородогу «Макмал алтын кен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушууга 1000 адам келип, аларды аягына чейин укпай, аларга таш ыргытып, алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барып, тосмолорун бузушуп, салынып жаткан чарба курулуштарын өрттөп жиберген. Бул окуя боюнча (17- апрелде Биринчи май райондук соту) кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын аныктаган. Кармалгандардын арасынан үч аял үй камагына чыгарылып, калгандары № 1-убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.