81 жаштагы карыя велосипед менен Кыргызстанга келатат

81 жаштагы карыя велосипед менен Кыргызстанга келатат

Бул тууралуу блогер Санжар Саид «Фейсбукка» кыскача видео жарыялады. Анын айтымында, Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун тургуну, он баланын атасы Элмурод Чориев велосипед менен Кыргызстанга келе жатат. Анын жол жүргөнүнө 8 күн болду, азыр Ташкентке жетти. 81 жаштагы карыя алгач велосипед менен Кытайга барууну көздөгөн. Бирок каржы жана виза алуудагы көйгөйлөрдөн улам, ал планынан баш тартып, коңшулаш Кыргызстанды кыдырууну чечкен. “Алгач Анжиянга барып, андан ары Кыргызстанга өтөм. 1958-жылы Ош шаарына баргам. Ошол жерлерге кайра баргым келди. Анан Кыргызстандын башка жерлерине барам, сүрөткө түшөм”,-деген конокко келаткан карыя.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.