Кылыч Султандын сынына Илим Карыпбеков жооп кайтарды

Кылыч Султандын сынына Илим Карыпбеков жооп кайтарды

SUPER.KG порталы бир топ белгилүү адамдарга КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун кызматынан кетиши тууралуу собол салып, жооп алышкан. Алардын ичинде Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылыч Султан да бар, ал мындай деп жооп берген: “КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматынан кетирилип гана чектелбестен, сөзсүз жоопкерчиликке да тартылышы керек! Анткени ал КТРКнын коомдук телеканал кылуу милдетин аткара алган жок. Тескерисинче, ал маалыматтык эң балит технологияларга жол берип, КТРК бир жактуу каралоо маалымат булагына айланды. Жанар Акаев айткандай, Илим Карыпбеков отставка менен гана чектелбей жоопкерчиликке тартылыш керек. КТРК 100 пайыз коомдук телеканал болушу керек!”

Илим КАРЫПБЕКОВ: “Кылыч Султан буга чейин эмнеге мени айтпай келди?”

Кылыч Султандын мындай ой-пикирине Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды. “Опе-ей,Түштүк Кореядагы элчибиз Кылычбек Султанов мырза эми ойгонуп кеткен го? “Карыпбековдун жетекчилигинин алдында КТРК эң балит технологияларды колдонду, жоопко тартыш керек!”,- дептир. Колунда деле 100 000 сандык гезити бар эле, эмнеге буга чейин менин жетекчилигимдеги эң балит технологияларга жол бергендигим боюнча айтпай келди болду экен? Ошондо эле жазып чыкпайт беле? Ааа, анда антсе, элчилик кызматын алып коюшмакта. А эми жаңы бийликке жагып, ордунда калуунун ыкмасы го? Анда түшүнөм. Кылычбек мырза, мындан дагы жакшылап мени жамандап, анан гезитиңиздин кызматын сунуштасаңыз калып калаарсыз. Дагы бир аз аракеттениңиз! Керектүү кишилерди мактаганды да унутпаңыз, ансыз болобу”,-деген Илим Карыпбеков.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Кылыч Султандын сынына Илим Карыпбеков жооп кайтарды

  1. Туура жооп кайтарыптыр Илим Карыпбеков Ким иштен кетсе кимге оор кырдаалга такалса бизде сосуз жамандай баштайт ал адамгерчилике жатпайт кемчилдиги болсо ошол убакта айтыш керек урматуу! Мусульман бир туугандар ынтымактуу болуп жашайк убакыт отуп жатат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.