АДВОКАТ: “Салянова өтө жаман абалда, тез арада ооруканага жаткыруу керек!”

АДВОКАТ: “Салянова өтө жаман абалда, тез арада ооруканага жаткыруу керек!”

Бул тууралуу Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Аида Жеңишбековнанын абалы учурда оор, ооруканага жатууга муктаж. Ооруканага жаткыруу тууралуу өтүнүч катын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга жиберген.

Андан тышкары, адвокат буларды айтып берген: “Аида Салянованы дарыгерлер күн сайын келип текшерип жатат, Тез жардам да бир нече жолу келип кетти. Анын жүрөгүндө жаракаты (порок сердца) боюнча аныкталган диагнозу бар. Андан башка да өтө олуттуу диагноздор коюлган. Бул оорулар суук жерде жана стресстик абалда болгондо күчөйт экен. Азыр абакта Салянованын жагдайында ушул экөө тең бар, ошондуктан анын абалы оорлоп жатат. Ал азыр өтө жаман абалда жана тез арада Улуттук кардиология борборунда текшерүүгө алуу зарыл. Аны чукул арада ооруканага жаткыруу керек. Мен бул боюнча тиешелүү органдарга өтүнүч келтирдим”.

Мындан эки саат мурун Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева эжесинин абалы боюнча биздин сайтка билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.