Чынара ТУРДАЛИЕВА: “Эжемдин жүрөгү начарлап кетти, тезинен кардиологияга жаткыруу керек!”

Чынара ТУРДАЛИЕВА: “Эжемдин жүрөгү начарлап кетти, тезинен кардиологияга жаткыруу керек!”

Бул тууралуу Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, эжесинин (Салянова Аида Жеңишбековнанын) саламаттыгы начарлап кеткен.

Эжесинин ден соолугуна тынчсызданган Чынара Турдалиева: “Эжем буга чейин жүрөгүнөн дарыланып келген. Учурда да жүрөгү ооруп, чынын айтканда, оор абалда. Күндөн күнгө ден соолугу оорлошуп баратат. Эжеме эки жолу Тез жардам чакырылган. Эгер саламаттыгы сак болсо, анда эмнеге Тез жардам чакырылмак эле? Бир жолку Тез жардам чакырылганына акыйкатчы Токон Мамытов күбө болгонун айтып, үй камагына чыгаруу боюнча билдирүү таратты эле го. Адвокаты Рабига Садыкова деле ден соолугу начарлап кеткенин какшап айтып келе жатат. Ден соолугуна байланыштуу шаардык сотко эжем катыша албай калганын да баарыңыздар билесиздер. Эжем тез арада дарыланышы керек! Анын ден соолугуна эртерээк кам көрүү үчүн биз, туугандары Улуттук кардиология борборуна жаткырууну суранабыз!”,-дейт.

Буга чейинки билдирүүлөр…

Акыйкатчы Токон Мамытовдун билдирүүсүн, адвокат Рабига Садыкованын айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

МЖАКтын билдирүүсү…

МЖАК (Мамлекеттик жазалар аткаруу комитети) болсо, Аида Салянованы ооруканага жаткыруудан эч ким баш тартпаганын, дарыгерлердин көрсөтмөсү менен гана дарыланууга жиберишээрин айтууда.

Эскерте кетсек

Мурунку баш прокурор, мурунку депутат Аида Салянова кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча 3-июнда ИИМге суракка чакырылып, 48 саатка камалган. 5-июнда (Айт күнү) райондук сот анын  баш коргоо чарасын карап, камакта калтырган. 12-июнда Шаардык сот камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.