АТАМБАЕВ: “Каза болгон жоокердин өлүмү Жээнбековдун абийиринде, барымтадагы балдар бошотулат”

АТАМБАЕВ: “Каза болгон жоокердин өлүмү Жээнбековдун абийиринде, барымтадагы балдар бошотулат”
Сүрөт: «АКИпресстен» алынды

Кечээ, 7-августта, кечке маал, саат сегиздер чамасында УКМК  Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясын кылып, ал ишке ашпай калды. Эки тарап кагылышып, бир жоокер каза болуп, күч органдарынын жана элдин саны элүүдөй адам жараат алганы маалым болду.

Кой-Таштагы кагылышууда оор жараат алып, ооруканадан каза болгон жоокердин өлүмү үчүн Атамбаев жоопкерчиликти мойнуна албай, ал “жоопкерчилик  Жээнбековдун абийиринде. Аны ушундай ыплас ишке жөнөткөндөр, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик күнөөлүү»,- деди.

Ошондой эле, Атамбаев бүгүн, эртең менен тарапташтары менен жолугушуп, барымтадагы балдар бошотулаарын айтты. “Эгер сиздер макул десеңиздер, биз атайын жиберилген аскерлерди шаарга жөнөтөлү”,-деди.

Президент Атамбаевдин мындай билдирүүсүнө жооп бере элек. Ал Ысык-Көлдөгү бир жумалык эс алуусун токтотуп, түндө Бишкекке келген. Учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынын жабык эшик артында (ММКларсыз) өткөрүп жатат.

Түндө Атамбаевдин хан сарайында башаламандык болуп, спецназдын балдары барымтага алынып, алардын беттери канжалап, бири диванда эси ооп жаткан ВИДЕО тараган. Аны төмөндөгү «Спутник» тарткан тасмадан көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.