АТАМБАЕВ: “Мен эч кимге тийбегендей кылып ок чыгардым, тийбиди, жокпу билбейм” (ВИДЕО)

АТАМБАЕВ: “Мен эч кимге тийбегендей кылып ок чыгардым, тийбиди, жокпу билбейм” (ВИДЕО)

Кечээ, 7-августта, кечке маал, саат сегиздер чамасында УКМК  Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясын кылып, ал ишке ашпай калды. Эки тарап кагылышып, бир жоокер каза болуп, жараат алгандардын (күч органдарынын жана элдин) саны, акыркы маалыматка караганда, жетимишке жеткен.

Атамбаев түндөгү Кой-Таштагы хан сарайында атылган ок боюнча журналисттерге «жаркылдап» айтып берди. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон өз көзүңүз менен көрүп, угуңуз!

Мына, ок чыгарганын мойнуна алып жатат. Буга чейин да курал колдоноорун эскерткенин бийликтин эсине салды. Андан тышкары, ал бүгүн шаарга барып, митинг өткөрөөрүн айтты. «Жолдон кармап кетет деп коркпойсузбу?»,-деген журналисттин суроосуна, ал: мен эч нерседен коркпойм»,-деди. Коркпосо, кечээ кечинде качпайт эле да. Анын качкан ВИДЕОсу төмөндө:

Кагылышууда адам өлдү. Бул факт. Өзү да ок чыгарганын айтып жатат, бул факт. Дагы эмне керек бул бийликке? Кечээ ок атылгандан кийин, ИИМ Батукаевди бошотууда түз тиешеси бар экендигин айтып отурат. Албетте, мындай билдирүүсүн ИИМ кечээ Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калгандан кийин таратты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.