Талант МАМЫТОВ: “Атамбаев бейкүнөө баланы атты, тез арада ага чара көрүү керек!”

Талант МАМЫТОВ: “Атамбаев бейкүнөө баланы атты, тез арада ага чара көрүү керек!”

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кой-Таштагы болгон окуяга, Нарындагы Сары-Солтондогу окуялар боюнча маселени карашууда. Депутаттарга премьер-министр М.Абылгазиев Сары-Солтон боюнча, УКМКнын жетекчиси О.Опумбаев Кой-Таштагы окуя тууралуу маалымат берди. Алардын маалыматынан кийин суроо, жооп болууда.

Депутаттардын көбү УКМКны күнөөлөп, кызматтан кетүүсүн талап кылды. Опумбаев кызматтан кетүүгө даяр экендигин айтты.  Ал эми Талант Мамытов ушундай көрүнүшкө, кесиптештеринин сүйлөгөнүнө нааразы болуп: «Бу жерде кызматтан кетирүү жөнүндө сөз болгон жок. Кой-Ташта башаламандык болду. Андагы башаламандыкка Атамбаев жооп бериши керек, “ал бейкүнөө баланы атты, аны атканын өзү да айтып жатат. Тез арада ага чара көрүү керек! Эгер Атамбаевди коргойм десеңер, анда анын жанына баргыла!”,-деп ачууланды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.