Эмил КАПТАГАЕВ: «Таалатбек Масадыковдун вице-президенттик кызматка келгени туура болду. Себеби…»

Эмил КАПТАГАЕВ: «Таалатбек Масадыковдун вице-президенттик кызматка келгени туура болду. Себеби…»

Бүгүн, 12-июлда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Масадыков Таалатбек Шамудинович Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, иш билги дипломаттын бул кызматка келишин адис, эксперттер ар кыл талдап, басымдуусу туура көрүп жаткандай. Алсак, коомдук ишмер Эмил Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пикирин калтырды:

«Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары» деген кызмат орундун уюштурулушу, бул орунга эл оозуна илинип калган Таалатбек Масадыковдун дайындалышы туура чечим болду деп ойлойм. Биринчиден, президент кошумча ресурска ээ болду, тегерегинде интеллектуалдык потенциалы бар, эларалык маселелерди түшүнгөн адам пайда болду. Экинчиден, Масадыков мырза вице-президенттик ыйгарым укуктуу кызматка келди, өлкөдө экинчи адамга айланды, эми өз дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Иштин ийгилигин тилейли.

Таалатбек Масадыков деген ким?

Масадыков Таалатбек Шамудинович. Токио Университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты, тышкы саясат, Жакынкы жана Ортонку Чыгыш аймагындагы коопсуздук боюнча адис, , мыкты чыгыш таануучу, Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясында 12 жылдай иштеген мыкты дипломат, улуттар аралык, уруулар аралык жана эл аралык маселелер боюнча талдоочу эксперт.

Анын ата-теги Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылынан болгон менен, 1961-жылы 22-январда Фрунзе шаарында төрөлүп, билим алган. №13 орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы айтылуу МГИМОну (Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун) бүтүргөн. Көп тил билет: кыргыз, орус, англис, пушту, дари тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын атасы.

Эмгек жолу:

1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон;

1987-жылы Ооганстанга жиберилип, ал жерде котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген;

1988-жылы Л.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп, 1991-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган;

2000-жылы Лондондогу Экономика жана саясий илимдер мектебине докторантурага өткөн;

2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна чакырылып, Афганистан, Иран жана Пакистан өлкөлөрү боюнча иш алып барган;

2006-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын саясий миссиясынын башкы саясий кеңешчиси, 2009-жылы саясий директору болуп дайындалган;

2014-жылы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) ишин аяктаган. БУУ тарыхында Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ичинен эң даражалуу кызматкер болгонго жетише алган;

2017-жылы президенттик шайлоого катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.