«Кырк районго кырк долбоор» жакында ишке ашабы?

«Кырк районго кырк долбоор» жакында ишке ашабы?

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында  Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын жетекчилери, мэрлер жана акимдер үчүн инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча атайын окуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны КРнын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү З. Жамалдинов жана Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева ачып берди. Ал өз сөзүндө Кыргызпатент тарабынан аймактардагы өндүрүштүк долбоорлор үчүн инновациялар, креативдүү индустрия багытында «Кырк районго кырк долбоор», мүмкүнчүлүгү чектелген ойлоп табуучуларды колдоо үчүн да атайын долбоорлор  иштелип чыгып жаткандыгын, анын алкагында долбоорлорду ишке ашырылышын каржылоо, эл аралык рынокко алып чыгуу маселелери чечилерин билдирди.

Семинардын катышуучуларына уюштуруучу ведомстволорунун адистери протоколдук иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү, автордук укук жана чектеш укуктардын, өнөр жай менчигинин укуктук корголушу, ишканалардын инвестициялык паспортторун даярдоо, экспорттук операцияларды жүргүзүү темаларында баяндамаларды окушту.

Аталган окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У. Мариповдун 2021-жылдын 29-июнундагы “Инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү жана региондорго инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу” жөнүндөгү тапшырмасына ылайык, КРнын инвестициялар министрлиги, тышкы иштер министрлиги, экономика миниситрлиги, Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жатат.

Дал ушул семинар 4-октябрда Бишкек шаарында Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областтарынын жетекчилери, мэрлер жана акимдер үчүн өткөрүлөт.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.