ВИДЕО – Аскар Салымбеков менен Асан Турсункуловго Асел Эшимканова ыраазычылык билдирди

ВИДЕО – Аскар Салымбеков менен Асан Турсункуловго Асел Эшимканова ыраазычылык билдирди

Эсен болуп, эстей жүр!  

9-ДЕКАБРЬ. «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болуп, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыгып, ысымы, элеси элдин эсинде, журналисттердин көңүлүндө, үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө жүргөн Эшимканов Мелис агабыздын туулган күнү. Агабыз 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. Агабыздан 2011-жылы, 15-сентябрда ажыраганбыз. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери 10 жыл өтүптүр…

Кудай тууралаган күн

Кудай бардык нерсени тууралайт экен. Дегеним Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуу отличниги, Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, С.Чокморов жана Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, белгилүү сурөтчү Асан Турсункулов агабыз «Алтын уютку» аттуу кезектеги көргөзмөсүн быйыл, 12-ноябрда Бишкекте өткөргөн. Ошондогу тарыхты тарттырган тасмам кечээ кечинде колго тийип, Мелис агабыздын туулган күнүнө туш келди. Тасма жок жазганымды өз убагында жарыялай албай калганыма капаландым эле…

Көрсө, Кудай ушул күнгө тууралап жаткан экен. Ал учурда көңүл борборунда, элдин чордонунда парламенттик талапкерлер эле…

«Алтын уюткудагы» атактуулар…

Бүгүн тарыхка көнүлүңүздөрдү бурабыз, туугандар! Тарыхый инсандардын портретин тартып, тарых жараткан инсан Асан Турсункуловдун эмгеги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Дордой ассоциациясынын 30 жылдыгына, көргөзмөсүнүн 20 жылдыгына, 60 жылдыгына арналды. Андай иш-чара 12-ноябрда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусство музейинде болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев, Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев, Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл адамдар, маркумдардын жубайлары, туугандары катышкан.

Мелис Эшимкановдун жубайы, жеңем Асел Эшимканова Аскар Салымбековго, Асан Турсункуловго ыраазычылыгын билдирген:

Аскар Салымбеков Эрнис АСЕК уулунун портрети тууралуу:

 Аскар Салымбеков галереянын жаралыш тарыхын айтып берди

Баса белгилей кетчү нерсе, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Салымбеков Аскар байкенин өтүнүчү менен Эшимканов Мелис байкебиздин, Эрнистин чыгармачылыгын жогору баалап, оозунан түшүрбөй, айтып келаткан Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун суранычы менен акын, журналист, котормочу, философ жолдошум Эрнис Асеку уулунун жана акын, обончу Калмурат Рыскуловдун портрети тартылып кошулду. ШИЛТЕМЕ

Жараланган жүрөккө жылуулук тартуулаган жакшы сөз…

Салымбеков Аскар байкеге, Калыбеков Нурланга терең ыраазычылык билдиребиз. Аскар байке да байымдын чыгармачылыгын жогору баалагандыктан, «Каалга» аттуу ыр китебинен 60 даана сатып алган. Анда да: «Ыр китебин Эрнистин ырын түшүнгөндөргө, Эрнистей ой жүгүрткөндөргө тараттым. Андай адамдар бизде, кыргызда чанда эле… Эрнисти жылуу сөздөр менен гана эстешибиз керек» дегени жараланган жүрөгүмдү жылытты. Аскар байке, сизге башымды ийип, ыраазычылык билдирем. Бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. 

ГАЛЕРЕЯДАГЫ: «Кылым дастаны». “Өлбөс баатырлар”. «Буюккан кайран жылдыздар»

Аскар байкебиздин демөөрчүлүгү менен Асан аганын кезектеги көргөзмөсү Г. Айтиев атындагы музейдин эки залына коюлду. Көргөзмөгө келгендер Асан байкенин эмгегин баалап, алкап жатышты.

Турмушка из калтырып кеткен залкар саясатчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл адамдардын портреттеринин тизмеси:

  1. Абдыкадыр Орозбеков,
  2. Жусуп Абдырахманов,
  3. Баялы Исакеев,
  4. Төрөкул Айтматов,
  5. Касым Тыныстанов,
  6. Арстаналы Осмонбеков,
  7. Алыкул Осмонов,
  8. Жоомарт Бөкөнбаев,
  9. Мукай Элебаев,
  10. Жусуп Турусбеков,
  11. Атай Огонбаев,
  12. Муса Баетов,
  13. Шаршен Термечиков,
  14. Нуркамал Жетикашкаева,
  15. Сүймөнкул Чокморов,
  16. Динара Асанова,
  17. Кусейин Эсенкожоев,
  18. Дүйшөнкул Шопоков,
  19. Чолпонбай Түлөбердиев,
  20. Бүбүсайра Бейшеналиева,
  21. Алтымыш Усубалиев,
  22. Мидин Алыбаев,
  23. Райкан Шүкүрбеков,
  24. Болот Миңжылкыев,
  25. Султан Ибраимов,
  26. Молдобагыш Сарыбай уулу,
  27. Асанбек Табалдиев,
  28. Мелис Убукеев,
  29. Төрөгелди Балтагулов,
  30. Бейшенбек Мураталиев,
  31. Жумабек Ибраимов,
  32. Насирдин Исанов,
  33. Шералы Сыдыков,
  34. Анарбек Бакаев,
  35. Таттыбүбү Турсунбаева,
  36. Жолон Мамытов,
  37. Турар Кожомбердиев,
  38. Абдыкалый Молдокматов,
  39. Аман Токтогулов,
  40. Орозбай Көчкөнов,
  41. Рыспай Абдыкадыров,
  42. Ормонбек Асанов,
  43. Сагипа Чечейбаева,
  44. Бекмамат Осмонов,
  45. Эркинбек Матыев,
  46. Талгат Нигматуллин,
  47. Асанкалый Керимбаев,
  48. Сатыбалды Жээнбеков,
  49. Чолпонбек Өмүракунов,
  50. Чоро Кожомжаров,
  51. Сейдалы Медетов,
  52. Чолпонбек Базарбаев,
  53. Шаршенбай Мааткабылов,
  54. Жолдубай Кайыпов,
  55. Казыбек Мамбетимин уулу

Ушундай залкар инсандардын арасына былтыр, 2020-жылы 8 адамдын: Мелис Эшимканов, Табылды Эгембердиев, Майра Керим кызы, Белек Жумабаев, Улан Эгизбаев, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Адыл Сайдиновдин портрети кошулган. ШИЛТЕМЕ

Быйыл Эрнис Асек уулу, Гүлбү Орозкул кызы, Беганас Сартов жана Калмурат Рыскуловдун портрети кошулду.

Асан Турсункуловдун эмгеги бааланат деп ишенебиз!

Тарых жараткан, дүйнөнү таӊгалдыра турган кылкалем чебер инсаныбыз Асан Турсункуловдун  “Бабалар баскан жолдо”, “Өлбөс баатырлар” аталышта көргөзмөсү 2011-жылы ачылган. Анда 2002-жылдагы Аксы окуясында, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон адамдардын сүрөтү (97 портрет) коюлган. Ушул портреттерди автор мамлекетке бекер эле берген. Бирок, бир дагы башчы «бекер берди» деп айтпай келет. Ал эле эмес, ал жерге барышат да, автору жок эле лента кесе беришет. Так ушул маселени айтып, Асан агабыздан: «Башчылардын мындай мамилеси сизге катуу тийбейби?»,- десем, катуу тийээрин айтты. А чынында Асан агага эле эмес, кыргыз элине катуу тийет. Себеби, автордун көзү тирүү да. Көзү бар болгондон кийин лентаны автор менен кесиш керек! Качан биздин бийлик өнөр адамынын талантын, чыгармачыл адамдын өнөрүн баалайт? Таланттуу адамдарды тирүү кезинде барктап, баалап алуубуз абзел. Бул бир. Экинчиси, опол-тоодой эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай жатканы, ушул убакка чейин бир дагы сыйлык албаганы. Асан Турсункулов мамлекеттен жок дегенде бир диплом албаптыр. Бу эмне деген шумдук?.. Үчүнчүсү, 2012-жылы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок комиссиянын кароосунан өтпөй калган. Токтогул сыйлыгына чындап татыктуу болчу. Бул эмнеден кабар берет? Бул аталган сыйлыктын бир гана кишинин жеке менчиги болуп калганынан кабар берет. Аскар Салымбеков айткандай, Асан Турсункулов «Кыргыз элинин, Кыргызстандын сыймыгы. Кыргыз Эл сүрөтчүсү».

Жогорудагы тасмадан уктуӊуздар, мамлекеттик катчы  Сүйүнбек Касмамбетов: «Сыйлык, наам өзү эле Асан Турсункуловдун артынан келет»,- деди. Демек, келаткан жылы бийлик эмгегин баалап, наам берет. Эмгеги бааланат деген ишеничтебиз! Анткени Асан Турсункулов Манас дүйнөсүн кашкайта тартып, улуу өнөргө сүӊгүп кирип, шедевр сүрөттөрдү жараткан, тарыхый инсандардын портретин тарткан залкар сүрөтчү.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.