ВИДЕО – Виктор КОЗОДОЙ: «Эренек бий тууралуу китебимдин бет ачары болду. Эмоция кучагындамын»

ВИДЕО – Виктор КОЗОДОЙ: «Эренек бий тууралуу китебимдин бет ачары болду. Эмоция кучагындамын»

Аншлаг менен өткөн иш-чара…

7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү жана Тарых күнү. Дал ушул күнү Бишкектеги Novotel Bishkek Cityде Тарых илимдеринин доктору, Тарых жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун директору, профессор Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын беги – Эренек” (2000 нуска менен), «Князь Сибирских кыргызов – Эренек» (8000 нуска менен чыгыптыр) аттуу китебинин бет ачары аншлаг менен өттү. Автор айткандай,  китептин бет ачарына мынчалык аншлагды биз да көргөн эмеспиз. Дегеним, зал ичи элге толуп, орун жок туруп калганы, атүгүл сыртта калып кеткени да болду окшойт… Кирип баратсам экс-премьер-министр Феликс Кулов телефондо кимдир бирөө менен: «Зал толтура. Орун жок…» деп кейип сүйлөшүп жатыптыр. Кийин залга кирген-кирбегенин байкалбады, балким, орун деле табылгандыр…

Манас айтуу менен башталган иш-чарага КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, филология илимдеринин кандидаты, профессор, окумуштуу-түрколог Кадыралы Коңкобаев, тарых илимдеринин доктору, Түркиянын Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев, Казакстандан келген окумуштуу, коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Зиябек Кубульдинов, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Төлөбек Абдрахманов, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров, окумуштуу, профессор Каныбек Осмоналиев, журналисттер: Нарын Айып, Жаналы Нурманбетов жана башка коомдук ишмерлер, илимпоздор, тарыхчылар катышты.

Байсалов баш болуп китепти барактап жатышты… Китеп да жакшы сатылгандай болду. Сатыктан түшкөн каражат «Сибирь кыргыздарынын цивилизациясын» изилдөөгө жумшаларын бул күнкү иш-чараны, долбоорду уюштурган жубайлар Орумбаев Мырзабек менен Айзат Токтогул билдирди.

Эдил БАЙСАЛОВ: «Бул аванс…»

Эдил Байсалов премьер-министр Акылбек Жапаровдун атынан Виктор Козодойго Ардак грамота менен (төш белги) тапшырып, бул аванс экенин, мындан ары да кызматташуу уланарын жана бул тарыхый китеп боюнча биздин тарыхчылардын да пикирин билгиси келгендигин айтты…

«Сибирде иштеп жүргөн кыргыздар мигрант эмес, алар…»

Казакстандан келген окумуштуу Зиябек Кубульдинов кебин кыргыз-казак бир тууган эл деп баштап, Козодой кыргыз тарыхын жазгандыгы үчүн татыктуу баасын алышы керектигине токтолду. «Виктор Козодойдон бүгүнкү илимпоздор, жаштар үлгү алышы керек. Анткени ал достукту даңазалап жатат. Ал китебинде: «Сибирдеги Эренек бийди изилдеп жазып кыргыздарды кубантты. Ал аймакта иштеп жүргөн кыргыздар мигрант эмес, алар тарыхый мекенинде жашат жатат» деп жазып жатат. Андыктан тарыхчыга жылуу гана сөз айталы» деди. Анткен менен ачуу чындыкты айтып салды: «Биздин ададемиктер, тарыхчылар «Казакстандын тарыхын эмнеге башка улуттун өкүлү жазат?» деп арданып, намыстанып жатышат. Мен аларга айттым: «Эгер сен мыкты болсоң, анда сен жаз!» деп»…

КОЗОДОЙ: «Аншлаг менен өткөн иш-чараны биринчи жолу көрүп жатам»

Мактоо-куттуктоолорго тунган Виктор Козодой убакыт таап бет ачарга келип бергендерге ыраазычылыгын билдирди… Анан китеби боюнча бир аз баян жасап, сөз арасында белгилүү киноактерлор – ата-бала Болот, Азиз Бейшеналиевдерди жактырарын кошумчалай айта кетти. (Балким, Эренек тууралуу тасма тартылса, даңазалуу бектин ролун Азиз аткарып калаттыр(!) Неге болбосун! Анын мындай амплуадагы ролдору дегеле бар да!)

Виктор Козодой бет ачардагы пикирин толуктай кийин баракчасына : «Китебимдин бет ачарына өлкө өкмөтүнөн вице-премьер, академиктер, профессорлор, окумуштуу тарыхчылар, түркологдор жана тарых ышкыбоздору, тарыхка кайдыгер карабаган эл толуп келди. Бет ачарга 600дөн (!) ашык адам келип, илимий китепке эч кандай административдик ресурс, жарнамасы жок, социалдык түйүндөрдөгү кулактандыруулар аркылуу эле ушунча эл келгенин көрө элек болчумун. Башында алдыңкы катарда отуруп залды деле көргөн эмесмин, качан сөз сүйлөгөнгө чакырылганда кенен залды көрүп, толкундоо, күтүүсүздүктөн тамагым кургап, буттарым чалыштап кетти… дале эмоция кучагындамын…» деп жазды…

«Көрсө, биз, өзүбүз жөнүндө көп нерсе билбейт экенбиз…”

Китеп презентациясына чакырууну алганда баарыбыз эле «Ким которду экен?» деп кызыксак керек… Андайда дароо эле китептин акыркы бетин ачабыз да… Карасам, биринчи эле көзүмө техникалык редактор Тат Эрнис уулу деген урунду. Ушунчалык кубанып, жүрөгүм жылыды. «Атаң тирүү болгондо аябай кубанмак…» деп ичимден сүйүнүп, көзүмдөн да жаш мөлт деп кетти… Жанымда отурган байке: «Карындашым,  баары жакшыбы? Эмне болду? Ыйлай тургандай эмне жазылыптыр?» дейт…

Мындай жагымдуу иш-чарага чакырган – кыргыз, эл, жер деп жүрөгү соккон, тарыхыбызга кызыккан мекенчил эжебиз Дамира Жангазиевага ыраазы болуп отурдум. «Назира, көрсө, биз, өзүбүз жөнүндө көп нерсе билбейт экенбиз…” деп китепти окууга кызыктырып койду. Эми китеп окуган баарыбыздын — биздей катардагы окурмандардын, тарыхчы, илимпоздор, окумуштуулардын пикирлери дагы айтылаар, дагы жазылаар…

Баса…

Котормочулар тууралуу… Алар тууралуу автор алда качан эле  баракчасына мындай деп жазды: «Китепти кыргызчага которгондор кимдер деп менден сурагандар көп. Мындан улам Эренек бек тууралуу китебимди кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү кылып, кыргыз тилинде жаралышына катышы бар керемет үч айымга ыраазычылык билдиргим келет. Алар: башкы демилгечи, уюштуруучу, шыктандыруучу — кадырлуу Айзат Токтогул; которуп, китепти адабий тилге салган, андан тышкары жооптуу редактор — Салтанат Кыдырмаева; дагы бир котормочу Назгүл Осмонова. Мына эми бүгүнкү күндүн себепчи каармандары кимдер экенин билдиңер»…

Бир жыл мурун Бишкекке келген Козодой…

Ошондой эле ал баракчасына Бишкекке былтыр келип кеткенин жазды: «Ошентип толкундаткан, жоопкерчиликтүү күн да келди. Өзүмдү сынак бермекчи болгон, бардык билеттерди жаттаганга адатынча бир түн жетпей калган, катаал экзамен алуучуларды калтаара күткөн студенттей сездим.

Бет ачар башта айткандай музейде эмес, «Novotel» отелинде болду. Бир жыл мурун Бишкекке алгач келгенимде ушул «Novotel’де» досторум алгачкы жолугушуум өтүп, Сибирь кыргыздарынын тарыхы тууралуу китеп жазганы жатканымды айттым эле. Арадан минтип жыл өтүп, айтканым аткарылып — бүгүн эмгегимди тааныштырдым. Алдыда дагы Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы жана мамлекеттүүлүгү жөнүндө зор иш бар»

Былтыр мыкты журналист Нарын Айыпка интервью берип, «Енисейские кыргызы» слишком узок, надо говорить о «сибирских кыргызах», так как из «сверхдержава» – Кыргызский каганат – простирался от Урала до Амура, от Байкала до Тибета…» деген.

Эренек деген ким?

Сүрөт интернеттен алынды

Сибирь кыргыздарынын даңазалуу беги Эренектин өмүр таржымалына кыскача тарыхый ракурс жасасак, Чакун, Харгин, Шам аттуу үч баланын атасы, чачыранды болгон кыргыздардын башын бириктирип, кыштымдардын жерлерин өзгөчө коргогон, «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этносаясий бирикмесине айланткан, 20 жылдан ашуун Красноярск, КузнецкТомскЕнисей жана башка орус кыштактарына коркунуч туудурган, Сибирь кыргыздарынын беги, өкүмдары — Эренек (орусча Ярнак) 1660-87-жылдары жашап өткөн тарыхый инсан. Ал Түштүк Сибирдеги Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Анын агасы Айкан Юрукту орустар туткундап алып, Иван деген ат менен чокундуруп, Москвадан билим алган ал кийин Красноярскиге келип, иниси Эренек бекке каршы чыгып бир нече жолу аскердик жүрүш жасаган. Ал эми Эренек болсо, Россияга каршы болуп, отурукташып жаткан орус кыштактарына кыргыз атчандары менен сокку уруп турган. Эренек бий орус бийликтерине: «Эгерде Абаканга чеп курсаңар, анда биз өз жерибизди акыркы балабызга чейин коргоого даярбыз» деген. Анын мындай билдирүүсүнө кулак салбаган бийлик, красноярдык казак-орустар 1675-ж. Кыргыз жеринин так ортосуна, Абакан дарыясынын куймасындагы Тагар аралына коргон салышат. Ачуусу келген Эренек коргонду курчоого алып, өрттөп жиберет. Кийин Ачин жана Кан коргондорун талкалап, Орусия тууларын, замбиректерин колго түшүрөт. 17-кылымдын экинчи жарымында Цинь империясы монгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жунгарларга (калмактарга) каршы тукурганда, Эренек 600дөн ашуун адамдан турган кошууну менен Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакындап барат. Буктурма коюп тосуп алышкан монголдор менен беттешүүдө Эренек бек 300дон ашуун жоокери, Алтысар улусунан 150 адамы менен курман болот…

Назира СААЛИЕВА 

P.S. ВИДЕОлор журналист Нарын Айыпка таандык. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.