ВИДЕО — Жанар АКАЕВ: «Саясатчылардын көбүн Эшимкановдун гезити аркылуу тааныдым»

ВИДЕО — Жанар АКАЕВ: «Саясатчылардын көбүн Эшимкановдун гезити аркылуу тааныдым»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Өлбөстүккө ишенем»

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан мыкты журналист, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Эшимканов Мелис (1962-2011) агабыздын бүгүн туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 61 жашка чыкмак…

8-декабрь — КРнын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө, туулган күнүнө карата, Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык системалар факультети 6-декабрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун эркин кыргыз журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштуруп берди.

Жанар АКАЕВ: «Эшимканов тирүү болгондо миллион подписчиги болмок»

Иш-чарага коомдук, мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, мурдагы, азыркы депутаттар, достору келишип, Мелис агабыздын журналистикада да, саясатта да орду, ролу чоң болгонун баса белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кичинесинен саясатка кызыкканын, «Асаба», «Агым» гезиттерин кууп окуганын, азыркы саясатчылардын көбүн Мелис Эшимкановдун гезити аркылуу тааныганын айтты.

Алайда төрт тарабы тоо курчаган чакан айылданмын. Шаарга УВАЗдар гана каттачу. «Асаба», «Агым» гезитин ала кел» деп шоферлордон акча берип жиберчүбүз. Ушул гезиттерди кадимкидей, ай караган текедей болуп күтөт элек. «Хайл, Сайракан!» деген рубрикасы эмнеге татыйт эле?..

«Акаев, Бакиевди эмне деп жазат болду экен? Бул санына ким сындалып чыгат болду экен?» деп гезитти күтүп, келгенден кийин жата калып окучубуз. Кичинемден эле саясатка кызыкчумун. Чынын айтсам, саясатчылардын көбүн мен Мелис байкенин гезити аркылуу тааныдым. Эшимкановдун гезитине чыкпаган саясатчыларды биз саясатчы деп эсептечү эмеспиз. Алар катарга кирчү эмес.

Мелис Эшимканов журналисттердин мектеби эле эмес, саясатчылардын да мектебин жасап кетти. Анткени ал бүтүндөй бир институт катары бийликти көзөмөлдөп турчу. Азыр көзөмөл функциясы Баш мыйзам боюнча Парламентте. Парламенттин милдети — уурдатпай, талатпай, тонотпой мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө.

Эшимканов ошону гезит менен эле көзөмөлдөп койчу. Ошондон улам саясатчылар Эшимкановдун гезитине чыгам деп коркушчу. Ак үйдөгүлөр дагы гезитти күтчү да… Таң атпай «Вечерний Бишкек» тараптагы гезит базарына барып гезит алып кетишчү. Угушума караганда, Ак үйдө түшкө чейин гезитти талкуулашчу экен.

Мына, Эшимканов чиновниктерди чочуткан, эл издеп, окуй турган гезитти чыгарган уникалдуу, оригиналдуу адам эле. Журналистикадагы жазуунун өзүнчө бир жолун түптөп кетти. Кийин бир топ журналисттер Эшимкановдукундай гезит чыгарууга аракет кылышты. Бирок, андай болбойт да. Бирөөнү туураганга болбойт, анткени ага окшоштура албайсың. Ар ким өзүнүн стили, жолу менен кетиши керек!

Мелис Эшимканов тирүү болгондо социалдык сеттерге постторду укмуш жазмак да… аны окуйм деген окурмандары көп болмок, орусча айтканда, подписчиги миллион болмок. Анткени ал саясатты талдап, анализдеп бермек. Аналитиканы мыкты жазмак. Азыр андай жок, журналистикада анализ жок, күнүмдүк эле оокат болуп калды: баланча соттолду, кайра бошотулду деген эле окшош кабарларды окуп жатабыз.

«Асаба», «Агым» оригиналдуу гезит болчу. Мелис байкенин макалалары укмуш болчу. Азыр эки-үч эле гезит калды окшойт. Нускасы азайып интернетке көчүп жаткан заман. Эми мындай көрүнүш бизде эле эмес, бардык эле мамлекетте болуп жатат. Гезиттин заманы бүткөнү менен, журналистиканын заманы бүтпөйт да.

Урматтуу болочоктогу журналисттер, мыкты макала жазсаң, аны эл өзү эле издеп, кууп окуйт. Андыктан телерадиодо уктуруулардын көрөрмандары издеп, уга тургандай макала жазгыла! Мына ушуларды айтып коеюн деп, парламентте жыйын болуп жатса да убакыт таап келдим.

Белгилүү журналист Данияр Исановдун Мелис Эшимканов тууралуу тарткан даректүү тасмасы:

Жоктоо. Сөзү: Гүлсайра Момунованыкы Обону: Жамиля Муратованыкы

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Эртең Аскар СалымбековМамат СабыровБакыт Орунбеков, Кыяс Молдокасымов, Эмилбек Каптагаев, Жылдыз Мусабекова, Ширин Костюктун эскерүүсүн окуй аласыздар. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.