АРХИВ — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Рыспай акедей 30-40 жылда катуу чыккан обончу болгон жок»

АРХИВ — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Рыспай акедей 30-40 жылда катуу чыккан обончу болгон жок»

Эсен болуп, эстей жүр!

12-январь. Бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артист, кыргыз музыка дүйнөсүнө чоң из калтырып кеткен айтылуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында 1941-жылы 12-январында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен музыкага шыктуу болгон агабыз 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолу Кара-Кулжа элдик театрынан башталган. Кийин Жалал-Абад театрында эмгектенген. Ошол жерде иштеп жүргөн кезде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы филармонияга келип, иштеп калган. Аз жашаган өмүрүндө бир топ обондорду жаратып, элдин жүрөгүнөн орун алып, алигүнчө эл арасында ырдалып жүрөт. Алсак, “Жүрөккө жүрөк сыр берет”, “Алмашым”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Туулган жер”, “Издейм сени”, “Эсиңдеби”, “Түгөйүм”, “Жоолугарың билгемин” жана башка… Айтылуу акын Жолон Мамытовдун “Издейм сени” аттуу ырына обон мыкты чыгып, элдик ырга айланган.

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Рыспай акедей 30-40 жылда катуу чыккан обончу болгон жок»

Агабызды жакындан жакшы билген үзөңгүлөш композитор Түгөлбай Казаковдун мындай деп эскергени бар: «Өмүр бою ушул “жаш баланынын жалгыз оюнчугундай” өнөрүнө жел тийгизбей көкүрөгүнө кысып жүрдү. Өмүрүнүн акырына чейин бир гана өнөрдүн артынан түштү, анын өтөсүнө чыкты. Эгерде Рыспай Абдыкадыров Батыштын композиторлору Шопен, Шуберт сыяктуу музыкалык билим алганда, дүйнөлүк атактагы композитор болоорунан шек жок эле. Себеби анын фантазиясы бай, жандүйнөсүнүн баары муза ээлеп алгандай жан болчу. Эми Рыспай акедей болуп 30-40 жылда катуу чыккан обончу болгон жок. Өнөрдүн сересинде булбул болуп сайрап турган кишини табыш да кыйын»

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: «…көзү өткөн соң “кайран” делинип…»

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун мындай деп эскергени бар:
Кайран Рыспай! Өзүнүн аз өмүрүндө улуу жол басып, шаңгырап ырдап, бул өнөрдүн кайталангыс үлгүсүн жаратып, дүйнөдөн өтүп кетти. Анын үнүнүн шаңгыраган, шыңгыраган, муңканган жаңырыгы жан дүйнөсү алп бүтүн кыргыз атпайдын дилинде, көңүлүндө жаңырыктап түбөлүккө калып калды.
Күнүмдүк турмушу жатсөз болуп, өз учурунда бааланбай өтүп, бирок көзү өткөн соң “кайран” делинип, Рыспай экинчи өмүрүн, түбөлүктүү чыгармачылык өмүрүн жашап, кыргыз рухун дагы көтөрүп турат.

Үй-бүлөсү…

Рыспай Абдыкадыров жубайы Давлет, кызы Сюита менен.
Рыспай агабыздын маңдайына үч нике жазылганы айтылып да, жазылып да келет. Тун сүйүүсү Тоту аттуу айым болуптур, аны Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүргөндө тааптыр. Экөө эки кыздуу болгондон кийин кандайдыр бир себептерден улам ортодогу ысык мамилелери муздай баштайт. Дал ошол мезгилде агабыз кургак учук оорусуна кабылып, андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы ооруканага келип жатып калат. Ал жерден дарыгер кызга агабыздын көзү түшөт. Жубайы менен ажырашып, ак халатчан Оңол аттуу айымга үйлөнөт. Тилекке каршы, экөөнүн да никеси кыска болуп калат. Кийин агабыз өзүнөн бир топ жашка кичүү Давлет айымга жолугат. «Тотудан ажырашып бүтө электе Оңолго үйлөнүп, Оңол Бишкектен узатып, Ошко келгенде Давлет күтүп алды»деп агабыз тамашалап калганын жакын санаалаштары азыркыга чейин айтып келишет. Бирок, бул жаш кыздын жашоосун бузуу үчүн аракет жасаган адамдар да болуптур. Атайы Давлет айымга барып: «Рыспайың кыз жандуу неме, ар күнү ар башка кыз менен жүрөт. Ырын арнаган акактай сулуулары бар» деп ар кандай ушактарды айтып бузушат. Эч кимдин сөзүнө кирбей, өмүрүнүн акырына чейин сүйгөнү менен бактылуу жашап, Сюита аттуу кыздуу болот. Жолдошунан 1994-жылы 12-сентябрда айрылат. Агабыз 53 жашында каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегине коюлган. Ал эми бүт өмүрүн агабызга арнаган Давлет айым жолдошуна арнап музей ачам деген тилегине жетпей, 2003-жылдын 1-ноябрында көз жумган.

Көзү өткөндөн кийинки сыйлыктар…

1994-жылы 20-сентябрда «Эл агартуунун отличниги» деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясына, Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине, Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд ачылган.

Эрнис АСЕК уулу: «Келди» дебе. «Кетти» дебе эч качан»

«Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн” деп алп акын Алыкул Осмонов жазгандай, Рыспай агабыздын экинчи өмүрү чыгармачылыгында уланууда…
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун»
деп ыраматылык журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) «Башат» деген ырындагы саптардай, мыкты акын-жазуучу, обончулар болгон, болот, бар, ысымдары түбөлүк жашайт!
Талантты баалаган кыргыз элим, жакшы адамдар турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.