Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА: «Сен жаткан жер топурак эмес, сен жаткан жер менин жүрөгүм!»

Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА: «Сен жаткан жер топурак эмес, сен жаткан жер менин жүрөгүм!»

«Алсызга күч, үмүтү өчкөнгө үмүт, сүйүү издегенге сүйүү берсин!»

Бүгүн, 12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз музыка дүйнөсүнө чоң из калтырып кеткен айтылуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Эртеден бери агабызга арналган ырлар, эскерүүлөр социалдык тармактарда тарап жатат. 
Сүйүүнү аздектеген акын Болдукан Мамбеталиева эжебиз да Рыспай агабыз тууралуу эскерүүсүнөн үзүндү жарыялады. Ал толугу менен төмөндө:
Рыспай Абдыкадыров агайга арнап жазылган күндөлүк-эскермени бүтөйүн деп калдым. Бүгүн туулган күнү болгондуктан бир аз үзүндү жарыялоону туура көрдүм.
*** *** ***
Темиралы байке гитара менен, Женя (Евгений) скрипкада “Сагынууну” ойношту. Эки аспаптын айкалышуусунда “Сагынуу” укмуш угулду. Чыны менен гитара да, скрипка дагы керемет музыкалык аспап тура. Көрсө, байке бекеринен гитараны арфага салыштырбаптыр. Дөөт пайгамбар да өспүрүм чагында Шабул падышаны жин-шайтандар келип кыйнаганда, арфада ойноп баштачу экен. Арфанын үнүн уккан жин-шайтандар Шабулду таштап кетип, ал жанына тынчтык тапчу деп жазылган тарыхый китептерде. Мына арфанын күчү!
Эми, мен да чыны менен гитарага таасирленип калдым. Рыспай аганын аккордеон менен ырдаганын сүйүп уккандай, байкенин гитарада “Сагынууну” ойногонун да жактырып уга турган болдум. Бирок Шабул арфа укканда тынчтангандай, мен тынчтана албай, толкундардай толкуйм. Бул ырды укканда көз жаш төкпөй коё албайсың. Себеби Темиш байке айткандай Рыспай аганын бул ыры эч бир шаттык-күлкүсү жок, кайгылуу музыка! Букка толтуруп буулуктурат, толкундай төгүлүп-чачылам, куюндай сапырылам, эч качан тынчыбайм.
Билген адамга Темиралы байкенин “Сагынуу” ырынын темпин аябай эле жайлатып, бирде кайра тездетип, тремоло менен кайрып, аягын сыздатып үшкүрүк менен бүтүргөнү, чыны менен эле гениалдуу, оригиналдуу. Ал “Сагынууну” ойногондо гитарада гана чыңалууну пайда кылбастан, адамдын ички жан дүйнөсүндө да гармониялык термелүүлөрдү жарата алганы менен сыйкырдуу да, күчтүү да кыла алды деп ойлойм. Ошондуктан “Сагынууну” канча уксам да тажабайм, уга берем.
Рыспай агай “Болдуканга барып, ойноп бер!” дегенде, ушул ыр аркылуу мага эмнени айткысы келди: сагынганынбы же жүрөк эзген азап-кайгысынбы? А балким, мындан ары мен тарткан азап-кайгыны, арманды, сүйүүнү, сагынычтын жүгүн эми сен көтөр, баарын сага аманат кылам дегенби?!
Сагынуу! Сагынычтын түсү сарыбы же боз түстөбү? Акындардын көбү сагынычты сары күзгө окшотушат. Мен сагынычтын күчүн өчпөй турган түбөлүк отко окшоттум, анткени анын жалыны мени каптап, табына күйгүздү, күйгүзүп бүтпөй койду. Мен сагынычтын түсүн сары эмес бозоруу дедим, анткени ал мени азап тарттырып, жылдарга мени камап өңүмдү бозортту, чачымды агартты. Сагынычты бөксөрүү дебедим, аны толуп-ташуу, толукталуу дедим, анткени өтмүшүмдө толукталбаганды “Сагыныч” толуктады. “Сагынууну” куса болуу, эңсөө дебедим, мен аны “Ыр аганын аманаты” дедим, анткени Ыр агай сагынууну мага аманаттын мөөрү катары калтырып кетти.
Сагыныч менен Сүйүүдөн жогору эч нерсе жок. Эгер бар болсо, ал баарынан жогору турган Кудай гана! Кудайга гана теңдеш эч ким жок! Менин мурасым – Теңир жана Сүйүү, Сагыныч! Сүйүү – бул бир жолго чогуу чыгуу деди бирөө. Мен болсо, сүйүү жүрөктөрдүн чогуу аван салып ырдашы, алыстан туруп үн алышып сагынуусу, тирүүлүктө ажырашуу, алысташуу, ал эми түбөлүктүүлүктө рухтардын биригүүсү дейм.
*** *** ***
Адам ашыгынан канча ирет айрылат? Ашыгы өмүрдөн өткөндө, акырында өзү дагы бул жалгандан кеткенде. Кеткендер билеби? Өткөндөр кайтып келеби? Калгандар эмне дешет?
*** *** ***
Кабырда жүрөгүң сыздабасын, Ыр ага! Сен жаткан жер топурак эмес, сен жаткан жер менин жүрөгүм! Сен мага аманат кылган “Сагынуу” сенин музаңды сүйгөндөргө таберик болсун! Мага күч жана үмүт, сүйүү бергендей, алсызга күч, үмүтү өчкөнгө үмүт, сүйүү издегенге сүйүү берсин! Сагынганды билбегенге сагынууну, сүйгөндү билбегенге сүйгөндү, ыйлаганды билбегенге ыйлаганды үйрөтсүн!
Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.