ВИДЕО — Жеке ишкер Замирбек Парманкулов өндүрүш тармагына кызыккан жаштарды чакырат!

ВИДЕО — Жеке ишкер Замирбек Парманкулов өндүрүш тармагына кызыккан жаштарды чакырат!

Кыргыз баласы жасаган станокторду сактап калалы!

53 жаштагы коомдук жана өнөр жай ишмери, жеке ишкер Замирбек Парманкулов «Сетун» заводундагы станоктор тууралуу төрт күндөн бери айтып берүүдө. Айтымында, ал стратегиялык багыттагы «Сетунь» заводун өзүнүн, бир туугандарынын каражаты менен болжол менен 98-жылдары банктан (мамлекеттен) сатып алып, бир топ жыл ийгиликтүү иштеткен.

«Жакшы билесиздер, 98-жылдары менчиктештирүү башталганда, бир канча завод, фабрикаларды чиновниктер ээлеп калып, тетик, темирлерине чейин сатып жок кылышты. А мен болсо өндүрүш тармагындагы (ар кандай керектүү станокторду чыгарган) «Сетунь» заводун сактап калып, аны иштетип, тажрыйбам менен бөлүшүп, кийинки муунга өткөрүп берүүгө далалат жасап, сатып алгам. Буга чейин эле бизнес кылгам. Анткени мен жаштайымдан эле зарыл темирлерди чогулта берчүмүн. 19-20 жашымда завод, фабрика, өнөр жай тармагын иштете аламбы деген суроо коюп, эмнеге болбосун, иштетем, тажрыйба топтоп, жаштар менен бөлүшүп, аларга өткөрүп берем деген ниет менен иш баштагам. Алдыга жакшы пландарды коюп иштеп жатканда, кайдагы бир уюшкан топ келип, мыйзамсыз заводду басып калышты, орусча айтканда, «рейдерский захват».  «Сетунь» заводунан СССР учурунда космос кораблдерине чейин тетиктер чыккан. Ошолор талкаланды, станоктор тонолду… Эми жок дегенде технологияны сактап калып, чакан өндүрүштөргө арналган машиналарды чыгара берүүнү үзбөй иштетип кетиш керектигин айткым келип, зарыл станок сериясын тааныштырууну баштагам. Элге ар бир станокту түшүндүрүп, күнүгө айтып берүүгө бел байладым. Ошондой эле, өнөр жай тармагына кызыккан жаштарды чакырып, алар менен тажрыйбам менен бөлүшүүгө да даярмын. Келечек муунду технологияны алып калууга үндөйт элем», — дейт Замирбек мырза.

Эске сала кетсек, «Сетунь» заводунда “конструктордук бюро” болгон жана күчтүү адистер эмгектенишкен. Конструкторлор не бир уникалдуу өндүрүш машиналарын чогултуп, тетиктерди чыгарышкан. Азыркы ийгиликтүү ишканалардын башында заводдор үчүн завод болгон ушул «Сетунду» айта алабыз. Катарында “Шоро” компаниясы сыяктуу бир катар мисалдар бар.

Келечекте күчтүү конструкторлорду даярдоого, өндүрүш технологиясын сактап калууга чакырык таштаган жеке ишкер Замирбек Парманкуловго үн кошолу, кыргыз элим! Колдон келсе, кайдыгер карабай, өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.