Атамбаевге артын салып калган Эрдоган эртең Жээнбековду тосуп алат

Атамбаевге артын салып калган Эрдоган эртең Жээнбековду тосуп алат

9-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, мамлекет башчы Түркияга эки күнгө сапар тартып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана өкмөт башчысы Биналы Йылдырым менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Түркия менен мамиле эмнеге муздаган?

Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаевдин бийлигинде Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси муздай түшкөн эле. Эмнеге андай болгону боюнча кыскача айта кетсек, 2016-жылы Түркия бийлиги ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди айыптап, аны жактаган кишилерди кызматтан айдаган. Ушундан улам, Анкара «гүленчи» деп эсептеген агартуу мекемелерин жабууну Бишкекке сунуштаган. Андагы президент Алмазбек Атамбаев “Сапат” мектептери жабылбай турганын кесе айткан. Ошондон кийин Эрдоган Атамбаевге артын салып калган. Эми эртең сапар тартканы турган жаңы президент Эрдоганды бери каратып келээр…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.