УКМК кармаган адам тамырын кесип каза болду

УКМК кармаган адам тамырын кесип каза болду

Бул тууралуу УКМК “Азаттыкка” тастыкташкан. Алардын айтымында, тамырын кесип, ооруканада каза болгон адам “баңгизат ташуу каналынын уюштуруучусу” деп кармалыптыр. Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Ош облусунун тургуну 13-апрелде кармалган, кармоо учурунда да бычак менен моюнун кескенге аракеттенген. Бирок, чекисттер ага жол бербей, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары мурда ИИМ каттоосунда турган жана Кыргызстан аркылуу КМШ мамлекеттерине ташылган маңзат каналын уюштурган. Анын машинесин текшерүү учурунда 2 килограмм 70 грамм салмактагы маңзат табылганы тууралуу УКМК “Азаттыкка” билдирген. Факт боюнча УКМКнын Оштогу башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 14-апрелде сол колунун тамырын тиши менен кыркып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калуу аракетине карабай, кан басымы түшүп кетип каза тапкан. Бул окуя боюнча прокуратура териштирүү жүргүзүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кабарланды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.