ВИДЕО: Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштан кантип алып чыккан?

ВИДЕО: Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштан кантип алып чыккан?

Бүгүн, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаев экинчи кармоо операциясынан кийин, колго түшүп берген. Анын жанында Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Алга Кылыч жана жансакчылары калган.

Кундуз Жолдубаева менен Курсан Асановдун сүйлөшүүсүн бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот!

Эскерте кетсек, бүгүн көп окуя болду. Таң эрте президент С.Жээнбеков күч органдарынын жетекчилерин кабыл алып, Кой-Таштагы окуя боюнча маалымат алып, чечим чыгарган. Түштөн кийин, кезексиз жыйынга ЖКнын депутаттары чогулуп, ушул окуяны карап, токтом кабыл алышкан.

Саат 16ларда Атамбаевди кармоо операциясы кайра башталган. Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү темир дарбазаны милиция чопкутталган машине менен сүзүп кирип, анын тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулган. Кечке маал, саат жетилерде ИИМ министри К.Жунушалиев менен анын орун басары Курсан Асанов барган.

Машина менен күч кызматкерлери Атамбаевди ИИМге алып бараткан ВИДЕОну төмөндөн көрсөңүз болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.