Атамбаевдин үйүнүн жанынан автомат табылды. Дегеле анын үйү азыр кандай абалда? (ВИДЕО)

Атамбаевдин үйүнүн жанынан автомат табылды. Дегеле анын үйү азыр кандай абалда? (ВИДЕО)

Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнүн жанынан Калашников автоматы ок-дарылары менен кошо табылганы бүгүн (10-августта) кабарланды. Мындай кабарды  ШИИБдин басма сөз кызматы таратты. Алардын айтымында, кечээ, 9-августта, С.С. аттуу бала “АК-47” үлгүсүндөгү автомат, 26 ок, 2 каска жана бир курду Кой-Таш айылынан таап алганын айтып, милицияга өткөрүп берген. Курал-жаракты өз эрки менен тапшырып берген С.С. 9-августта саат 11:00дон 12:00го чейин Кой-Таш айылында болуп, жоголуп кеткен дронун издеп жүргөндө, Атамбаевдин үйүнөн 150 метр алыс тоонун боорундагы чоң таштын жанынан таап алган.

Хан сарайдын абалы кандай, ал жерде кимдер бар?

Атамбаев кармалгандан кийин, “анын үйүнүн абалы кандай, анда ким жашап жатат?”,-деген суроолор бар. Атамбаевдин хан сарайынын абалын кечээ “Азаттык” барып тартып келген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.