Ооганстандын Тажикстандагы элчиси өлкөсүнүн легитимдүү президенти Салехти тааный турганын жарыялады

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси өлкөсүнүн легитимдүү президенти Салехти тааный турганын жарыялады

Бүгүн, 18-августта, Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар мамлекетинин легитимдүү президенти катары биринчи-вице-президент Амрулла Салехти тааный турганын жарыялады. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазып чыкты.

Алардын айтымында, М.З. Агбар президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткенден кийин, мыйзам боюнча, 49 жаштагы биринчи вице-президент Амрулла Салехке өтөрүн баса белгилеп, Гани өзү менен кошо 169 миллион долларды алып кеткенин айткан. Элчинин мындай пикиринен кийин элчиликтин кызматкерлери Ашраф Ганинин сүрөтүн алып, анын ордуна Амрулла Салехтин сүрөтүн илишкен.

Эске сала кетсе, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз. Кечээ, 17-августта вице-президент Амрулла Салех «Твиттердеги» баракчасына мамлекет башчысы Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырык таштаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.