ВИДЕО — Таалайгүл АБДУРАСУЛОВА: «Жоктоо дартын жеңе албайбыз!»

ВИДЕО — Таалайгүл АБДУРАСУЛОВА: «Жоктоо дартын жеңе албайбыз!»

Эсен болуп, эстей жүр!

Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип (бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да болду  авт.), устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ 30-сентябрда эскерилет. Аттин, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз…

Асыл адамыбыздан ажыраганыбызга үч жылга аяк басып калыптыр. 2019-жылы жазында узак оорудан каза болуп, 23-мартта сөөгү жерге берилген. Куран окуп, эскерүүдөн башка аргабыз да, айлабыз да жок эми…

Кубандырган дата… Кайгырткан дата…

Жакшы көргөн адамыңды эскерип жазган азаптын азабы. Денеңди майда калтырак басып, ыйлап, жазаарга сөз таппай каласың. Бабырбек Субанович Эрнис экөөбүздүн өкүл атабыз эле…

Биз 23-мартта баш кошконбуз. Дал ушул датада сиздин сөөгүңүз жерге берилип жатпайбы… Ошондон улам, эскерүүнү бүтүрө албай аябай кыйналдым…

Эрнисим экөөбүзгө өкүл ата болгонуңуз менен бир дасторконго чогуу отура албадык… Байым экөөбүз баш кошкондо: «Кыз жактан да өкүл ата болот эмеспи?»,- деп сураганда, мен сизди айтсам, «жакшы адам» деп аябай кубанган эле.

Агезде мен «Алиби» гезитинде иштеп жаткан элем. Редакцияга дасторкон жайып, ошол жерден өкүл ата, өкүл апабыз менен Эрнисим таанышайын дегенде, жубайыңыз чет өлкөгө кетип жатканыңарды айтып кечирим сурап, кийин үйүнө чакырарын айткан. Бирок сааты чыкпады…

Анан Эрнис кафеге чакыралы деди. Эки жолу сиздерди чакырдык. Тилекке каршы, анда да олуттуу себептерден улам жолугушуу жылды. Таалай эже биринде чет өлкөгө дарыланганы кетип жатканын айтса, кийинкисинде тишин дарылатып жатканын айтты. Ошондон улам, Эрнисим редакцияга келген эмес, өзүм келип, коллегалардын ак батасын алып кеткем…

Айтор, жолугушуу бизге буйрубаптыр. Катташпагандан кийин бизге баягыдай эле байке, эже боюнча калышты…

Бабырбек байкенин өтүп кеткенин укканда Эрнисим аябай жаман абалда болду. Бат-бат чылым чегип, «Эмнеге бир дасторконго чогула албай койдук, ыя? Эмнеге?» — деп эле жатты…

Наркы дүйнө барбы же жокпу, аны так билбейм. Бар болсо,  жолугуп, жакындан таанышып, кенен баарлашып, ыр, макала жазып жатсаңыздар керек деп коём…

Таалайгүл АБДУРАСУЛОВА: «Жоктоо дартын жеңе албайбыз!»

Артыңарда силерди жоктоп, боздоп, сыздап, карааныңарга зар болуп калган Таалай эже экөөбүз кечээ жакында телефондон сүйлөшүп, сиздерди эскерип, ыйладык… «Жоктоо дартын кантип жеңдиңиз эле?»,- десем, «Ой, Назира, жоктоо дартын жеңе албайбыз, ал биздин башыбыз менен кошо кетпесе, кетпейт! Алардын элеси биз менен өмүр бою жашайт да, каерге барбайлы алардын аты, элеси, кадыр-баркы кошо жүрөт. Президент Садыр Жапаровдун баласынын куран окутуусуна барып калганда, Бабырга бир кезде редакцияга келип жүргөн саясатчыларды көрүп көзүмө жаш тегеренди…», — деп жүрөгүмдү сыздатты. «Айтканыңызда калет жок. Бүгүн Аида Салянованын түлөөсүнө «Бермет» кафесине барып калсам, жанында «Салтанат» кафеси турат. Аны көргөндө эле Эрнисимдин элеси көз алдыма тартылып, көз жаш куюлду… Ал жерге  кайын эжемдин баласы үйлөнгөндө бардык эле… «, — дейм…  Бири-бирибизди соороттук…

«Ак сарайдагы» акыркы жолугушуу…

Бабырбек байке менен акыркы жолугушуу «Ак сарай» кафесинде болуптур. Ал жерде белгилүү журналист Элнура Кулуеванын демилгеси менен “Биз силерди эскеребиз” аталышта көзү өтүп кеткен 120 журналисттин жаркын элесине арналган эскерүү өткөн. 120 маркумдун тизмесинин башында кайын агам Мелис (Эшимканов) байкебиз бар эле. Ал жерге Эрнисти араң көндүрүп алып баргам.

Ошол жерден Бабырбек байкени көрдүм, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Аябай арыктап кетиптир. Отурган столуна барып учурашсам, алтын байкем ай, «Эмне арыктап кеткенсиң? Ооруп жүрөсүңбү?» деп жан-алы калбай ден соолугумду сурап атпайбы… Анан Эрнисти сурады. «Иш-чаранын аягында жолугалы»,- дедим. Тилекке каршы, андай жерде аягына чейин отурбаган байым шаштырып кетип калдык.

Жолдо келатып таарынычымды айтып, «Бабырбек байке менен жолугат элек да. Мелис байкебиз тууралуу сүйлөбөй да койдуң. Эгер сүйлөсөң эмне дейт элең?» деп сурап калдым. «Мелис байкем бул жакта жөн жүрчү эмес эле, тиги жакта да жөн жатпай, көзү өтүп кеткен журналисттердин баарын ишке алып, «Тиги дүйнөнүн Асабасын» чыгарып жатса керек демекмин» деп тамашалап атпайбы… Анда Эрнисим да, Бабыр байке да бар эле…

Көрсө, ошол жолугушуу акыркы экен. Ошол бойдон Бабырбек байкени көрбөй калдым…

Бабырбек Субановичтин «Ак сарайдагы» интервьюсу:

«Ак сарайга» бараткандагы, келаткандагы көз жаш…

Так ушул кафеге, 30-августта белгилүү режиссер Ырысбек Жабиров апасына куран окутту. Анда да Элнура Кулуеванын жанында отуруп калып атпаймынбы, андагы эскерүүнү (анда Сиз да, Эрнисим да тирүү эле да) эстеп, ого бетер ичтен сызып отурдум… Ал жерге баратканда да, келатканда да Эрнисимдин элеси көз алдыма тартылып, сөздөрү кулагыма жаңырып көзүмдөн жаш куюлду… Таалай эже айткандай, жоктоо дартын жеңе албайт экенбиз. Улуу инсандарды унутуу кыйын. Биз сиздерди эч качан унутпайбыз!

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: “Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок” 

Бул тарыхый сүрөт көп нерсени эске салды. 2010-жылдагы Бакиев  бийлиги оппозиция саясатчыларына, оппозиция гезиттерге кысым жасагандагы сүрөт. Анда нааразычылык акцияларына, митингдерге. эркин сөзгө тыюу салынып, эч жерге чындыкты жеткире албай калганыбызда, аргасыздан редакциянын алдына жыйын уюштурганбыз. Жыйынга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер келген.
Ошол жыйындын эртеси, тагырагы, түн ичинде редакциянын эшиги талкаланып, кагаздар чачылып, бир нерсе издешиптир… Эртеси милицияга билдирсек. алар журналисттердин баарына арыз жаздырып, «Качан, саат канчада жыйын болду эле? Саатын эле айтып койгулачы, бизден сурап жатышат» деп боорду эзишти эле…
Бийликтин ушундай кылаарын алдын ала сезген Бабырбек байке компьютерлердин баарын үстүңкү кабаттагы кабинетине күндүз ташытып салган эле. Ошондон эч нерсе таппай калышкан. Жыйындын да болгонун билбей калышкан. Бабырбек байке менен «Назар» гезитинин редактору Айгүл Бакеева катуу суракка алынган.
Жаныш Бакиевдин баласы Асылбек Салиев «Алиби» гезитин 2008-жылы сотко берип, 1 миллион сомдон айыппул салдырган. Натыйжада, ал гезит жабылган. Бирок, Бабырбек байке анын ордуна «Ачык саясат», «Назар» гезиттерин чыгарып, Курманбек Бакиев бийлиги менен катуу кармашкан. 2009-жылы бийликке каршы БЭК (Бириккен Элдик Кыймыл) түзүлгөн. Анда эң активдүү, белдүү мүчөлөрүнүн бири — Бабырбек Жээнбеков болгон. БЭК бат-бат чогулуп, ачык да, жабык да эшик артында көп маселелерди талкуулашкан. Ошол чогулуштардан элге айтылбай калган чындыкты Бабырбек байке 2017-жылы айтып берген эле. Ал маекти окуу үчүн бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.