Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевге көңүл айтып, убактылуу эмгек өргүүсүнө кетти

Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевге көңүл айтып, убактылуу эмгек өргүүсүнө кетти

Казакстанда бүгүн, 10-январда, аза күтүү күнү жарыяланган. Президенти Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевге кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.

«Казакстан Республикасында болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен, жүрөгүм ооруп кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө Сизге жана боордош Казакстандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун күйүтүн жана ызасын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирүүнү өтүнөм.

Мамлекеттерибиздин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына негизделген, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун бузулбас принциптерине таянуу менен биз Казакстан Республикасын ишенимдүү кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары ар дайым колдойбуз.

Ушул оор мезгилде боордош Казакстан элине стабилдүүлүк, биримдик, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент эмгек өргүүсүнө чыкты…

Ажобуз Садыр Жапаров бүгүнкү 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, эс алууга чыккан менен мамлекет башчысы өлкөдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинети жана башка мамлекеттик органдардын бардык жетекчилиги менен байланышта болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.