Президент Садыр Жапаров жакында Кытайга барат. Эмнеге?

Президент Садыр Жапаров жакында Кытайга барат. Эмнеге?

Президент Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам аралыктан иштөө режимине өттү. Буга карабай ал толук иш графиги боюнча иштөөсүн улантат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 3-5-февралга белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

«Омикрон» тууралуу министр эмне деди эле?

Ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Алардын айтымында, өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 195 миңден ашты, 2851 бейтап каза болду. Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (314). Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар орто мектеп онлайн форматта окууга өттү.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.