Асылзат АПАларга, ажарлуу айымдарга “А» арибинен арноо

Асылзат АПАларга, ажарлуу айымдарга “А» арибинен арноо

Ааламга алмаштыргыс — АПА

Азыркы арнообуз алтындай ардактуу асыл АПАларга, акылын айткан апчелерге, алмончоктой айперилерге, айназик айымдарга арналат.
Азаматтарды аздектеп асыраган — аялзаты.
Анткени ал Ааламга алмаштыргыс — АПА.
Атыңдан айланайын АЛТЫН АПАЛАР, аттаган арышыңар, акылыңарды айтканыңар аябай алкышка арзыйт. Андыктан Апалардын айткандарын аткаралы, аздектеп ардактайлы. Анткени Ааламда алмашкыс асыл адам ал — АПА.
Ашыктыктын айынан азаматтар аргасыздан айымдарга арбалышат. Анан ашыгына асмандагы айды алперип, арзууларын айтып, арноолорду арнашат.
Акырында аталарга, агаларга, алкынган азаматтарга айтарым: алтындан артык апаларды, Ааламдагы аялзатын ардактап, асыл арноолорду арнайлы.

Алдыңыздарга атайын “А” арибинен арноо арнаган Арал айылынын атуулу
Мирлан ЖАКШЫЛЫК уулу

8-марттын тарыхы…

Америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908жылы, 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгып, аялдардын күнүн белгилеп, абалын теңдөөнү талап кылышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы, февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Анын негизги максаты — ушул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.

Алгач Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген, кийин 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес. Аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.

Ал эми Кыргызстанда 8-март кызыл менен белгиленген, майрам эки-үч күн мурда башталат. Ар кайсы аймактарында концерт, флешмоб, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктап, белектерин беришет.

Бул күнү кайсы атактуулар төрөлгөн?

Бул күнү биздин сыймыктанган, сыйлаган адамдар жарыкка келген. Алсак, алгачкы кино актриса, биринчи стенографист Айша Карасаева, акын Сулайман Маймылов,  төкмө акын, обончу, ырчы, КРнын эл артисти Ашыралы Айталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова жана ырчы Тынай Алыбаев туулган.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.