Казыбек айылынын тургундары иттин, уйдун өлүгү ташталып, көмүлбөй жатканына нааразы…

Казыбек айылынын тургундары иттин, уйдун өлүгү ташталып, көмүлбөй жатканына нааразы…

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургундарынан ушундай  сүрөттөр менен кошо кайрылуу кат келди. Анда айылдан алысыраак жерге эле таштандылар, иттердин жана уйлардын өлүгү алынып барып, көмүлбөй ташталып жаткан экен. Ошого эл нааразы болуп, айыл өкмөтүнө, ветврачка, жергиликтүү депутаттарга кайрылса, эч кимиси көңүл бурбай коюптур. Айла жок ЖКнын төрагасына, депутаттарга кайрылышкан. Ал төмөндөгүдөй.

“Урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков Дастан Артисбекович! Урматтуу депутаттар!

Биздин кайрылуубуз төмөндөгүдөй: биздин Казыбек айылынан эки жүз метрдей алыстыкта эле көмүлбөй таштандылар, иттин, уйдун өлүгү ташталып, көмүлбөй жатат. Бул жаман адат былтыр күзүндө башталган, “сибирская язва” деген оору менен малдар ооруп, өлгөн. Ошондо беш-алты өлгөн уйду алып барып, жардын жээгине таштап салышкан. Аны айыл өкмөтүнө да, ветврачка да, жергиликтүү депутаттарга да айтып кайрылганбыз. Бир гана Макенов Каныбек деген депутат тракторду алып келип, уйлардын өлүгүн калыңдап көмдүрүмүш болуп койгон. Күздөн кийин кыш келип, алардын жыты көп билинген жок. Эми жаз алды менен күн жылый баштаганда иттин өлүктөрү таштала баштады. Көмүлбөй сасып жатат. Ошол ташталып жаткан жердеги жарды жээктеп эл өтөт, малдарды айдап балдар өтөт. Адамга оору жукса эмне болот? Ушул көйгөйлүү маселени алдын алуу үчүн, сиздерге тынчсызданып жазып жатабыз, ушуну оңго чечип берсеңиздер!

Айыл өкмөтүнө айтсак, “эмне кылайын, үйүмө алып барып көмөйүнбү?” деп койгон, ал эми ветврач болсо: “биз төк деген жерге төгөбүз, анда үйүңөргө барып көмүп койгула”,- деди. Жергиликтүү депутаттар болсо бул маселени карамак түгүл, үнүбүздү уккан да жок. Угушубузга караганда, бул жерге “Борбордук таштандылар” аталышта аң ачылат экен деп угуп жатабыз. Биз, айыл тургундары буга каршыбыз!

Урматтуу төрага, эл өкүлдөрү!

“Президент Сооронбай Жээнбеков айылга көңүл бурулсун” деп, маселени катуу койду го, айылды тазалыктан баштайлы! Ушул маселени оңго чечип бере көрүңүздөр!” деп жазылат кайрылууда.

Бул көйгөйлүү маселе боюнча айыл өкмөт, ветврачтардан да жооп алабыз. Бул айыл Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин туулуп-өскөн жери.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.