АНЖЕЛИКА: “Жолдошум менен бүгүн мыйзамдуу ажыраштым”

АНЖЕЛИКА: “Жолдошум менен бүгүн мыйзамдуу ажыраштым”

Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй: “Бир жылга жакын жолдошум экөөбүз бирге жашабай калганыбыз баарыңарга маалым. Көптөгөн соттук процесстерден кийин, акыры чечим чыгып, мыйзамдуу негизде ажыраштык. Мындан аркы жашоо биздин жеке иш. Ажырашкан бул дүйнөдө жалгыз бир эмеспиз. Жашоо улана берет. Эң негизгиси аманчылык болсун! Өкүндүргөнү менин жеке жашоомду шоу кылып коомдо ар кандай пикир жаратканыңарда. Сураныч ар бириңер өз жашооңор менен алек болуңуздарчы!”.

Урмат БЕКБОЛИЕВ: “Мен ажырашууга макул эмесмин”

Анжелика ушинтип жазып чыкканы менен анын жолдошу Урмат Бекболиев ажырашууга макул эместигин кайсы бир сайтка билдирген. Анын айтымында, бүгүн, 2-апрелде, Биринчи Май райондук сотунда соттук отурум болуп, экөө жок эле чечим чыккан. “Экөөбүз тең бүгүн сотко барган жокпуз, адвокаттарыбыз гана барды. Бул чечим бир айдан кийин гана күчүнө кирет. Ага чейин мен бул ишти кайра кароо үчүн шаардык сотко кайрылам. Мен жубайым менен ажырашууну каалабайм”,-деген Урмат мырза.

Эскерте кетсек

Экөөнүн ажырашуу боюнча соту өткөн жылы башталган. Анжелика ажырашуу боюнча сотко арызын таштап, биринчи соттук процесс 20-декабрында болмок, ага жолдошу келбей калып, 29-январга жылган. 29-январда Анжеликанын келбей калып, сот 21-февралга жылган. Ал күнү судьянын зарыл иши чыгып калгандыгына байланыштуу сот дагы жылып, 6-мартка белгиленген. 6-мартта да жылып калып, бүгүн болду.

Ошентип, бүгүнкү соттун чечимине Анжелика ыраазы, жолдошу нааразы экенин жогоруда окудуңуздар. Анжелика 2007-жылы мектепти бүтүп, өзүнөн 12 жаш улуу Урмат Бекболиевге турмушка чыккан. Экөө 11 жыл жашап, үч кыздуу болушкан. Урмат ушул үч кызын ойлоп, ажырашкысы келбей жатса керек…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.