МИСКЕНБАЕВ: «Атамбаев саясатка кайтып келиши керек»

МИСКЕНБАЕВ: «Атамбаев саясатка кайтып келиши керек»

Бүгүн, 4-апрелде, Улуттук филармонияда 2010-жылы 7-апрелде курман болгондор эскерилди. Эскерүүгө премьер-министр Сапар Исаков катышты. Бул иш-чараны “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси уюштурду. Аталган бирикменин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев менен маек курдук. Мискенбаев Атамбаевди сатпасын, аны аягына чейин чогуу барарын, анын саясатка кайтып келүүсүн каалап жатканын ачык эле айтты.

-Мээрбек мырза, маекти бүгүнкү иш-чарадан баштасак…

— 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяга быйыл сегиз жыл болуптур. Жакшы билесиздер, Апрель окуясында 90го жакын азаматтарыбыз курман болгон. Андан кийин эле, ошондо жаракат алган 45 балабыз жакшы боло албай, каза болуп калышты. Ушул баатырларыбызды дайыма эскерип келгенбиз жана эскере бермекчибиз. Анткени алар жаркын жашоо үчүн канын төгүп, жанын берген. Эр-азаматтарыбызды эскерип жүрүү үчүн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн. Апрель окуясында жабыркаган жарандардан түзүлгөн, учурда 500дөй мүчөбүз бар.

— “7-апрель- мамлекеттик майрам жана дем алыш күнү” деп былтыр андагы президент Атамбаев жарыялаган. “Атамбаев үчүн майрам болсо, биз үчүн эскерүү күн” деп көбүнө “майрам” деген сөз жаккан эмес. А сен үчүн бул күн майрамбы, же?

— Алмаз Атамбаев эмне деп айтса, аны туура эмес жакка бургандар, туура эмес түшүнгөндөр бар. Бизде, Кыргызстанда эки революция болду. Эң биринчи революция Аксыдан башталган, анда 6 азаматыбыз каза болгон, аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Анда Акаевдин үй-бүлөлүк кландык башкаруусуна эл каршы чыккан. Ошондой адилетсиздик болбосун деп 2005-жылдын 24-апрелинде эл түп көтөрүлүп, революция жасап, бийликке келген Бакиевден үмүт кылган. Тилекке каршы, Бакиев Акаевден ашып түштү, ал үй-бүлөлүк криминалдык башкарууга өттү. Кыргыздын кыйын, кыраан жигиттерин өлтүртүп, өтө жаман, ыплас иштерди кылды. Ошого чыдабай, акыйкаттык үчүн эл көтөрүлдү. Көтөрүлгөн калкына андагы кан элине ок чыгарды. 90го жакын азаматтарыбызды аттырып, Ак үйдүн алдын канга боеп кетти. Бул тарых, тарыхка Бакиевдин аты кара тамга менен жазылып калды. Негизи карапайым эл кара курсагы үчүн эмес, адилеттүүлүк үчүн көтөрүлүшкө чыгат, ачкадан чыкпайт. Себеби, кыргыз эли баарына чыдайт, бирок, акыйкатсыздыкка чыдабайт.

— 7-апрелде сен кайда элең?

— Бишкекте болчумун. Алгач Форумдун алдына чогулуп, эл менен кошо Ак үйдүн алдына келгенбиз. Бакиев өз элине ок аттырат деп ойлогон эмеспиз. Ал ок атылса качат деп ойлосо керек. Андай болгон жок, ок атылган сайын балдар күчөп, Акүйдү көздөй жинденип, колдоруна таш алып чуркап жатышты. Айрымдары мүрт кетип жатты. Жарадар болгон балдарды ташып, аянтта кан кечип жүрдүк. Мына ушунун баарын өз көзүм менен көргөм. Өзүм да бир өлүмдөн калгам, комада жатып тирилгем. Бир жарым жыл балдак менен басып жүрдүм. Кудай колдоп, аман калган баламын. Тирүү калгандан кийин, каза болгон азаматтарды эскерүү менин парзым, милдетим. Алардын эрдигин ар бир адам унутпоо абзел. Бекеринен “өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деп айтылбайт да.

— Ошондо Форумдан башталган жөө жүрүш Аянттан аянычтуу бүткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Ошондой жөө жүрүштү “7-апрелде, 10 миң адам менен Атамбаев баштап, Акүйдүн алдына келет экен” деген кеп кетти. Мындай жөө жүрүштүн максаты эмне? “Сооронбай Жээнбековго сүр көрсөтүү” деген да имиштер бар. “Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын” деп нааразы болуп атасың. “Ошол нааразычылыкты Атамбаев Мискенбаевдин оозу менен айттырып жатат” деген да сөздөр бар. Анын үстүнө Атамбаев жакындагы эле жыйында “мага чейин Мискенбаев айтып коюптур” деп кубаттап күлдү…

— Негизи өзгөчө кыргызда, кошоматчылык, жагалдануу, мактоо, алкоо деген адат бар. Учурда кошоматчылар Атамбаев менен Жээнбековдун ортосуна чок салып жатышат. Алар туура эмес сөз ташууда. Аларга ишенип Сооронбай Жээнбеков тегерегине туура эмес адамдарды чогултуп жатат. Алар ким экенин, кандай киши экенин өзү жакшы билет. Андыктан атын атабай эле коеюн. Азыр Жээнбековду мактап жаткандар президенттик шайлоодо кайда эле? Алар ошондо аны жамандап жатпады беле. Биз, “Айкөл Алатоо” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 7 дубандан 250 адам келип, шайлоодо Жээнбековду бир добуштан колдогонбуз. Ооба, “президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын” деп айтып жатам, аны Атамбаев да журналисттер жыйынында айтты. Биз билинбей, акырындап бийлик бир кишинин колунда эмес, үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кетпесин деген максатта алдын ала эскертүү иретинде гана айтып жатабыз. Бул жерде аны коркутуу же сүр көрсөтүү деген жок. Алмазбек Атамбаев айткандай, биз айтпасак, анда ким айтат? Албетте, ооздон чыккан ой-пикирди ортодо көбүртүп-жабырткандар чыгууда. Мисалы, Алмазбек Атамбаев 6 жыл эч бир тууганын бийликке жолоткон жок. Коррупция менен күрөштү. Мамлекетти жакшы башкарды. Атамбаев кандай учурда келди эле? Мамлекетти ордуна келтирүү үчүн Атамбаевдин канча деген күчү, эмгеги кетти.

— Атамбаев чынында тынч эле убакта келбедиби. Башаламан, кыйын убакта бийлик башына Роза Отунбаева келген, муну биз тана албайбыз да, туурабы? Текебаев Конституция жазган. Алардын эмгегин кайда кетиребиз?

— Ооба, туура, кыйын убакта Роза Отунбаева болду. Эжени сыйлайбыз, ал боюнча эч нерсе айта албайбыз, аман болсун, денсоолукта болсун!

— Атамбаев 6 жыл ак иштеди деп айта аласыңбы? Дегеле бир да катачылык кетирген жокпу?

Атамбаев эч кандай катачылык кетирген жок. 6 жыл катачылыгын көргөн жокпуз, туура эле иш кылды жана кылууда. Негизи Атамбаев саясатка кайтып келиши керек. Саясатка келбесе, анда Кыргызстан мындан да, орусча айтканда, бардак болот. Атамбаевдин саясатка келүүсү – бул элдин каалоосу, мүдөөсү.

Кайсы эл? Коомуңдагы элдин каалоосун айтып жатасыңбы? Болбосо Атамбаевге көпчүлүк эл нааразы, саясатка кайтып келишин каалабайт.

— Коомдогу жана элдин атынан да айтып жатам. Эл аралап жүрүп угуп жатабыз го,  “жакшы иштеди” деп айтып жатат. Атамбаевдин кемчилиги өзү айткандай, бетке айтып салганы. Бетке айткан адамды адам жактырбайт.

— Атамбаев көп ката кетирди. Ал үчүн жооп берчү күн деле келет. Ошондо Атамбаевди сатпай, анын жанында чогуу каласыңбы?

Ооба, чогуу калам. Атамбаевди сатып кеткендер болууда, биз андай жигиттерден эмеспиз, эч качан сатпайбыз, аягына чейин чогуу болобуз. Пенсияга чыкса да колдойбуз. Себеби, Атамбаевди мен адам катары билем жана сыйлайм.

— Атамбаевдин бир жакшы жери – сага окшогон өзүн колдоп, жактаган балдарын сыртка таштаган жок. Баарын көтөрмөлөдү, депутат кылды же кызмат берди. Мына сени деле депутат кылды да, туурабы? Бирок, сен мандатыңды тапшырып кетип калдың. Өзүң кеттиңби же кетириштиби?

Өзүм эле кеткем. “Эл мандатка жетпей жатса, сен тапшырып кеттиң. Эмнеге кеттиң?” деген суроолор болгон. Мени эч ким кет деп айткан эмес, кетүү өзүмдүн чечимим болгон. Жогорку Кеңеште интрига көп болот экен. Мен аны өз көзүм менен көрдүм. Ошон үчүн кеттим. “Андан көрө эл менен болоюн. Элге кызмат кылайын дедим. Мен үчүн мандат мансап эмес. Мен үчүн байлык – бул денсоолук, амандык, эл арасында темирдей денсоолукта болуп, аман жүргөн жакшы. Ал эми депутаттыкка мен КСДПнын тизмеси менен жана “Айкөл Алатоо” коомдук бирикмесинин атынан келгем. Депутаттан кеткенден кийин деле бир далай кызматты сунушташты, барган жокмун. Анткени, саясатта ушак, интрига көп экен.

— Өзүңдүн катачылыгың кайсы?

—  Менин катачылыгым — саясатка келгеним. Саясатка келгени кепке калдым, сынга алындым. Эми саясатка деле эч ким түрткөн жок, өзүм эле келгем, өзүм кеттим. Акыйкатты, чындыкты айтсаң элге жакпайт экенсиң. “Ал коррупционер” деп нак коррупционерди айтсаң, кайра сени коррупционер кылат экен. Мен ошондон улам, депутаттыктан кеттим. Ал жакта акчасы барлар эле отурушат экен деп калдым. Акчалуулар болсо элдин эмес, өз кызыкчылыгын жогору коет, аны жакшы билесиздер.

— Аябай эле сындалып жатасың. Сынды кабыл алууң кандай?

Эми кыргыз элинде отуруп алып эле бирөөнү жамандамай, сындамай адатыбыз бар эмеспи. Аны менен кошо көрө албастык, ичи тарлык, бут тосуу дегенди өркүндөтүп алганбыз. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Көрбөй эле сындагандар оголе көп, ага ишенип, аны ээрчип кеткендер мындан көп. Кошомат кылып, калп жазып, кызматка келгендер бар. Менде болсо кошомат, жагалданмай деген табиятымдан жок, болгонун болгондой айтам. Мени жүйөөлүү, далил менен сындаса, анда мойнума алам. А жөн эле жаза беришсе, аны моюнга албайм. Мисалы, “Мээрбектин мээсине суук тийип калыптыр”, “келесоо, мээсине доо кеткен” деген сыяктуу жаман сөздөрдү жазышты. Эми укмуштарды жазышты, бирок, мен алардын бирине да жооп берген жокмун жана жооп бербейм. Себеби, болбогон кепке жооп жазууга такыр убакыт жок.

— “Диплому жок” деп да жазылдың. Дипломуңдун бар, жогун өз оозуңдан уксак. Кайсы кесиптин ээсисиң? Кайсы ЖОЖду бүттүң эле?

1992-жылы интернаттан спорт мектебине келгем, ошону бүткөм. Азыр да окуп жатам.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.