Жарым жылаңач кыздын ишин териштирүүдөгү тиреш (ВИДЕО)

Жарым жылаңач кыздын ишин териштирүүдөгү тиреш (ВИДЕО)

Бул окуя тууралуу ШИИББнин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, Бишкектеги Ош базарынын жанында, Кулиев жана Пушкин көчөлөрү кесилишкен жерде чогулган эл милиция кызматкерлерине тоскоол болуп, кылмышка шектүүнү карматпай койгон.

Саат 17.28 чамасында 102ге Махатма Ганди көчөсү тарапта автоунаадан белгисиз бирөөлөр жарым жылаңач кызды түшүрүп кеткени тууралуу маалымат келген. Андан кийин милициянын ыкчам батальону тиешелүү аракеттерди жүргүзгөн. Кыз милиция кызматкерлерине Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө карата кылмыш жасаган деген адамдарды байкап калып, көрсөтүп берген. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканда 20-30дай киши чогулуп, аларды курчап калган. Алардын бири милиция кызматкеринин табелдик куралын алууга да аракеттенген. Милиционер өзүнүн тапанчасы менен эки жолу асманга ок аткан Милиция бул кылмышка шектүүлөрдү кармай элек. Азырынча кылмыш иши козголгон жок. Териштирүү уланууда,-деп билдирген “Азаттыкка” Адыл Оморов.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.