Депутат Мирлан Жээнчороев чоң атасын акыркы сапарга узатууда…

Депутат Мирлан Жээнчороев чоң атасын акыркы сапарга узатууда…

ЖК депутаты Мирлан Жээнчоревдин чоң атасы, коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, жогорку сыйлыктардын ээси, өмүрүнүн баарын мамлекеттик кызматтарга арнап келген Жээнчороев Сейитбек Бообекович 25-апрелде 70 жашында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү бүгүн, 27-апрелде, өзүнүн кичи мекени Талас облусунун, Кара-Буура районунун, Кызыл-Адыр айылына берилет. Маркумду акыркы сапарга узатууга, коштошуу зыйнатына ЖК депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев, Бакыт Сыдыков, Калдарбек Баймуратов, Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев жана Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, саясий, коомдук ишмерлер барышты. ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун көңүл айтуу сөзүн маркумдун туугандарына депутат Кенжебек Бокоев окуп берди.

Басып өткөн жолу

Жээнчороев Сейитбек Бообекович 1949-жылы 21-мартта Талас облусунун, ошол кездеги Киров азыркы Кара-Буура районунун Суулу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген. 1956-жылы Грозный орто мектебине биринчи класска кирип, 1966-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1967-жылы Скрябин атындагы айыл-чарба институтуна окууга өтүп, 1972-жылы аяктаган.
Сейитбек Бообекович эмгек жолун ошол эле 1972-жылы Киров районундагы Госплемстанциянын улук ветеринар врач кесибинен баштаган. Алгачкы ишинде кынтыксыз 3 жылга жакын эмгектенип, кесиптештеринин арасында кадырга ээ болгон.
1975-жылдан 1977-жылга чейин райондук ветеринардык станцияда улук ветеринар врач кызматында эмгектенген.
1977-1979-жылдары Коммунисттик партиянын Киров райондук бөлүмүндө уюштуруу иштери менен алек болсо, 1979-1982-жылдары Киров райондук ветеринардык станциянын жетекчиси кызматын аркалаган.
1982-1985-жылдары Киров районундагы айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы,
1985-1987-жылдары Ташкенттеги жогорку партия мектебинин угуучусу болуп, ал мектепти артыкчылык диплому менен аяктаган.
1987-1990-жылдары Киров райондук компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы 1995-2001-жылдары Кара-Буура райондук администрация башчысынын орун басары, 2001-жылдан 2006-жылга чейин калкты тейлөө борборунун директору, 2006-жылдан Кара-Буура райондук миграция жана калкты тейлөө комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Андан тышкары республикабыздагы коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, өз пикирин билдирип келген.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, 1983-жылдан 2000-жылга чейин Аманбаев айылдык жана ошол кездеги Киров райондук эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгонго жетишкен. 1987-1990-жылдары Коммунисттик партиянын Киров райондук бюросунун мүчөсү болгон. 1991-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку жыйынынын 12-чакырылышынын депутаты болуп элге кызмат кылган.
Алган сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгынын юбилейлик медалы, облусттук калкты тейлөө борборунун Ардак грамотасы, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, депутат Мирлан Жээнчороевге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.