ВИДЕО — Аксыдагы селден каза болгон үй-бүлөнүн жакындарына министр көңүл айтып, кайрылуу жасады

ВИДЕО — Аксыдагы селден каза болгон үй-бүлөнүн жакындарына министр көңүл айтып, кайрылуу жасады
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Аксыдагы табигый кырсыкта жабыркагандарга көңүл айтып, кайрылуу жасады.
Бүгүн, 14-июлда, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Эске сала кетсек, 12-июлда, саат 18:00 чамасында Аксыда катуу жаап өткөн жамгыр кесепетинен сел каптап, 8 адамды агызып кеткен. Тилекке каршы, катуу кирген селден бири да аман калышкан эмес. Жансыз денелери табылган 6 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Эки бөбөктүн дайыны билинбей жатыптыр…

ӨКМ наристелерди издөө, сел кесепетин жоюу иштери уланып жатканын кабарлашты. Президент Садыр Жапаров да Министрлер кабинетине селден каза болгондордун жакындарына, жабыркагандарда жардам берүүнү тапшырды.

«Алакан» маалымат сайты селдин айынан бир учурда апасы, эки кызы, карындашы, эки жээнинен ажыраган Нурбек Шайымбековго, жакындарынан айрылган боордошторубузга тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, сабыр тилейбиз. Кайрат кылыӊыздар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.