Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында башталды. Ага президент Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон, Түркмөнстандын президентиСердар Бердымухамедов катышууда.
Садыр Жапаровдун билдирүүсү…
Жыйындын алдында Садыр Жапаров сөз сүйлөп, боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметүү Ысык-Көл көлүбүздүн жээгинде жүз көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Президент бул жолугушууга биринчи жолу катышып жаткан Сердар Бердымухамедовго өзүнчө салам айтып, токтолду. Ал Сердар Бердымухамедов (Түркмөнстан мамлекетин 16 жыл башкарган Гурбангулы Бердымухамедовдун баласы. 40 жашта. Ал быйыл март айында атасынан кийин бийликке келген — авт.). Гурбангулы Бердымухамедовдун миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенерин билдирди. Бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Самиттеги сунуштар, маселелер…
Сердар Бердымухамедов сөз сүйлөп, аймактагы туруктуулук, ишенимди айтып, бардык тармакта кызматташууга байланыштуу «жол картасын» даярдоо тууралуу тапшырма берүүнү сунуштап, 5 мамлекет (Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан) Тышкы иштер министрликтери аркылуу кызматташууну күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Ал эми Касым-Жомарт Токаев сүйлөп, ал аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине токтолуп, буга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди. «Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлколөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет»,-деди Токаев.
Шавкат Мирзиёев да алгач сунуштарын айтты. Ал өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, анын бири катары чек ара аймактарындагы соода-сатыкка көңүл буруу керектигин, соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турганын баса белгиледи. Чек арадагы соода-сатык, товарларды алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүп, жаңы жол-жобо, ыкманы киргизүүнү сунуштады.
Эмомали Рахмон болсо Ооганстандагы кырдаал дайыма аймактардын көңүл борборунда болушу керектигин баса белгилеп, бул мамлекетте болуп жаткан окуялар Евразиянын геосаясий абалдын туруктуулугуна таасирин тийгизиши ыктымалдыгын эскертти. Ошондой эле, ал Ооганстандагы абал мындан дагы начарлай турган божомолдорду айтты.
Садыр ЖАПАРОВ: «Ооганстанда кырдаал татаал…»
Садыр Жапаров да Ооганстандагы кырдаал боюнча айтып, ал жактагы кырдаал татаал болгондуктан, алдын ала болжоп айтууга болбой турганын билдирди. Бирок, Ооганстандын туруктуу өнүгүүгө болгон аракеттерди жумшаш керектигин айтты. «Өткөн жылы биз ал жакка гуманитардык жардам жеткирип, мамлекет жетекчилери менен аймактагы коопсуздукка байланыштуу бир катар жолугушууларды өткөрдүк»,-деди президент.
Алдыда достукту, кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы