Тарыхты эске салган Самаков… “Теңири Манасты” жазган Ашым Жакыпбековдун атактуу ыры…

Тарыхты эске салган Самаков… “Теңири Манасты” жазган Ашым Жакыпбековдун атактуу ыры…

Тарыхка кылчайсак…

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланып, ошондон бери өз ыргагында белгиленип келет…

Быйыл, 4-декабрда  “Манас” эпосунун ЮНЕСКО тизмесине катталганына 10 жыл болот. Он жылдыкты утурлай иш-чара өтүп, “Манас” эпосубуздун баалуулугу менен катар аны бурмалап жазгандар,  “Манас” эпосундагы терс каармандардын айкелдерин Бишкектеги аянтка орнотулганда улуттук интеллигенция, коомчулук нааразы болгон бир катар окуялар, алешемдиктер айтылды… Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин, Жусуп Мамайдын варианттарына таянып эбегейсиз эпосубузду кара сөзгө айлантып “Теңири Манасты” жазган Ашым Жакыпбековдун калемине таандык “Издеп жүрөм” обондуу ыры ырдалды…

Эми иш-чара кызыгын кыскача баяндап берели…

Наам… Сунуш… Намыс…

«Манас» үчилтигин жана улуттук дөөлөттөрдү ЮНЕСКОго каттатып, дүйнөгө таанытууга салым кошкон инсандардын бири — Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, юридика илимдеринин кандидаты Карганбек Самаковду бир топ уюм “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүп жатканын кесиптешим Элнура Кулуевадан угуп, уюшулуп жаткан иш-чарага Чакыруу менен барып калдым. Кол койгондор баш-аягы 60 уюм экен, жетекчилери келип, “Манас” эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталганына мекенчил жигит Карганбек Самаковдун эмгеги зор болгонун баса белгилешип, президентке сунушталган каттын максаты айтылды. Кыскача айтканда, анын мазмуну мындайча болду:

“198 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОго “МАНАС” эпосунун үчилтигин 2013-жылы 4-декабрда материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине каттаткан Карганбек Самаковдун баатырдыгын өзгөчө белгилешибиз керек. Ал Баку шаарында өткөрүлгөн ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун Кыргызстандын атынан каттатууга жетише алды. Бул эл аралык жыйында Карганбек Самаков “Манас” эпосун каттатууга байланышкан бардык иш-чаралардын жүрүшүн, ага катышкан кыргыз делегациясынын бардык материалдык чыгымдарын өз мойнуна алган. Акыры, дүйнө адабиятында көлөмү жагынан биринчи орунда турган, бүтүндөй кыргыз элинин кылым карыткан тарыхын ичине камтыган “Манас” эпосу Карганбек Самаковдун эмгеги менен Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталды. Бул чоң баатырдык! Болбосо, андан 5 жыл мурда Кытай Эл Республикасы “Манас” эпосун ЮНЕСКОго материалдык эмес маданий баалуулук катары каттаткан эле. Карганбек Самаков көшөрүп жатып өз өлкөбүздүн атынан намысты колго алды!”

Бул катта жазылгандай, материалдык чыгымдарды мойнуна Карганбек мырза алып, Ала-Тоо аянтындагы Манас айкелин тургузууга 5 млн сом, “Манас” үчилтигин каттатууга 600 миң АКШ доллары кеткенин уулу Аман Самаковдон укканым бар. Аны менен атасына иш козголуп, сот жүрүп жатканда кабарлашып турдук. Тилекке каршы, бир кезде жардамын көргөн саясатчылар, бекер жер алган журналисттер жүзүн ала качканы жакындарынын зээнин кейиткен. “Адамдардын жүзү жамандыкта, башыңа иш түшкөндө билинет эмеспи. Кайсы саясатчылар колдоп келди, кимдер качып кетишти?» деп суроо узатканымда, ал: “Атамдын көп жылдар жакын болуп жүргөн бир-эки досу кас болуп чыга келишти. Жардам бергенди мындай кой, биринчилерден болуп чабуулга ошолор өтүштү. Ушул спектаклдин режиссеру болушту. Биз аларды Кудайдын сотуна койдук. Биз күтпөгөн бир топ саясатчылар колдоп чыгышты, колдошууда. Чоң колдоо карапайым элден болду. Эл жакшылыкты эч качан унутпайт экен» деген эле… Эми жакындары, санаалаштар ошол ортодогу сыноо артта калып, минтип 60тан ашкан уюм колдоп, наамга көрсөтүп жатышканына кубанып турган чактары…

Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүнө туш болгон иш-чара…

Чакан иш-чараны “Кыргыз тил” коомунун президенти, «Тил жана маданият» гезитинин негиздөөчүсү  Раимжан Курбанов менен юрист Чынара Океева алып барды. Манас айтылды… Кыргыздын мыкты ырлары ырдалды… Чынара айым “Теңири Манас” кара сөз вариантын жазган мыкты котормочу, киносценарист Ашым Жакыпбековдун калемине таандык “Издеп жүрөм” ырын ырдады.

Эсиңизде болсо, бул ыр «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасынын көркүн ачып, Кыргыз эл артисти, керемет үндүү  Гүлсүн Мамашова эжебиздин аткаруусунда жаңырат. Ошондон бери ырдалып, элдин жүрөгүн ээлеген ырга обон салган мыкты талант, мыкты обончу, маркум агабыз Мукан Рыскулбеков.

Белгилүү, мыкты кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кинотасмасындагы Карабалтанын ролун атактуу актер, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов мыкты аткарган.
Колуна домбураны алып, Шиберден сүргүндөн качып келатканда казактын Сары-Аркасында Жансал аттуу акындын аянычтуу тагдырын угуп кейигенин, Жансал элдин арсыздыгын айтып талаада ырдаса, аны туугандары «жин даарыды» деп керегеге таңып салышканын ырга салып, ыйлап ырдайт…

9-ноябрда өткөрүлгөн иш-чара залкар таланттын туулган күнүнө туш болуп отурат. Иш-чарага келген Ак элечекчен апалардын арасында Сүймөнкул Чокморовдун агасы Намырбек атанын байбичеси Карачач Чокморова да бар болчу. Анда апабыз Карганбек Самаковдун Кыргызстанга салымы зор экенин, жогорку наамга татыктуу экенин айтып, батасын берди. Карачач апанын сөзүн угуп атып, ичимден Намырбек атанын инисинин айкелинин тургузулбай жатканына күйүп-бышып, бийлик адамдарынын канчасынын эшигин кагып, кайрылып канча кагаз жазып, айкелге деп өткөн айрым марафондордун акчасы дайынсыз кеткенин чырылдап айтып ыйлап өткөнүн эстедим. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин кыйла бир жылда тургузулган эстелик “кыргыз өңγ Чокморовдун өңγндөй” болбой, элге жакпай кайра алынып, айтор, армандуу эстелиги өзүнчө узун кеп…

Иш-чарада башкы тема “Манас” эпосу болду…  Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши 1936-жылдан башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган.

Залкар манасчынын элесин түшүргөн бир топ сүрөтчүлөр да болгон. Сүймөнкул агабыз жети жыл тарткан… Бу боюнча улуу манасчынын кызы Гүлсүн Саякбаева жакшы эскерген…

Ушундай залкар манасчылардын вариантын жокко чыгарып, карасантайлык кылып бурмалагандар да болду го… “Манас” эпосунун бурмаланганы боюнча Карганбек Самаков сөз кылып, эски жаратты эске салды…

Карганбек САМАКОВ: “Манас” эпосун окугула!”

Иш-чара аягында Карганбек Самаков колдогондорго ыраазычылыгын билдирип, “Манас” эпосун окугула! Кален Сыдыкова эжебиз айткандай, эпосубузду бурмалап, кимдир бирөөнүн заказы менен шылдыңдагандар да болду… Ызы-чууну жараткан Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” деген он томдугун окудуңар беле? Анда бурмалоолор толтура… Он томдукту жаратуучулар улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына шек келтиришип, «аларда айтылгандар жалган» деген бузукулукту элге жайылтышкан. Бул боюнча убагында илимпоздор дагы пикирлерин айтышпады беле?.. Сот болгон… эл пикетке чыккан, «китеби жокко чыгарылсын!» деп… А чынында, соттошо турган китеп. Анткени анда «Манас» эпосу, Манас атанын теги бурмаланган… «аягы суюк аялдан кыргыз таркады» деп жазылып жатат.  Бул эмне деген шумдук?..» деп намыстанды жана намысыбызга тийди…

Ушундай улам, мен дагы ал китеп чыкканда андагы бийлик башчылары, айрым чыгармачыл, атактуу адамдар Бүбү Мариям Муса кызын ээрчип, кош колдоп колдоп, аябай макташканын эстедим.. Анда мен «Кыргызстан маданияты плюс» гезитинде иштечүмүн. Редакторубуз, устатым Нуралы Капаров «Айкөл Манас» китебинин бет ачаары болот экен, барып келчи» деп жумшаган эле… Ага таасирлүү кызматта отургандар келип сүйлөгөн. Ал архивде бар…

А чынында мен ал китепти окуган жокмун. Ал эми «китеп жеген» журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) окуптур. Ызы-чуу жараткан, сотто «экстремисттик» деп таанылган китептин сюжетин кыскача Эрнистен укканым бар. «Нурбүбү эжемдин баласы Алтынбекке бирөө китептин он томдугун сатып кетиптир… ошондо окугам. Тарыхыбыз таптакыр башкача бурмалаган бул китеп жарыкка чыкпаш керек болчу. Себеп дегенде, мында Сагымбай Орозбаковду «Манасты» бузуп айткан, калгандары жамактап, эптеп айткан деп жазылган. Ооздон оозго өтүп келе жаткан эпос тууралуу бул чыгармадан: Манас, Бакай, Кошой, Коңурбай, Алмамбет, Нескара, Чубак, Сыргак, Каныкей жана башка каармандарды кезиктиребиз ээ. Андан тышкары, мында бизге тааныш эмес каармандар бар. Бул китепте Манас эмес, анын чоросу Жайсаң жөнүндө, аны даңазалоо максатта жазылган… алардын айтымында, ал ашкан акылман, саясатчы, дипломат, философ, акын жана манасчы экен… «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» баатыр Манастын орду, ролу жокко чыгарылган. Анан дагы кыргыздын теги одоно бурмаланган, «аягы суюк аялдан кыргыз таркады» деп жазылган» деп аябай жаман абалда болгон эле… Мына, ушунун баарын Карганбек агабыз эске салып отурат.

Анан дагы Курманбек Бакиевдин бийлигинин кезинде “Ала- Тоо” аянтыбызга Шыпшайдар, Нескара, Коңурбай сыяктуу терс каармандардын айкелдери орнотулганы эске салды агабыз. «Эсиңиздеби?..  “Манастагы” терс каармандар айкелдеринин борбордук аянтка туруп калышын ким тапшырып, ким уюштурганы билинип калбадыбы беле?!.. “Манас” эпосун бурмалап жазгандардын, айкелин тургузгандардын тагдыры эмне болду?.. Баарына кылмыш иши козголду… Андыктан, “Манас” эпосун окугула, окубагандар бурмалагандардын китебин колдоп жатышат да…” деп абдан жакшы сөз айтты…

Кайыптан алып кагазга түшүргөн деген Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” он томдугундагы бурмалоолоруна илимпоз Садык Алахан агайыбыздын жакшы жообу эске түштү… 2016-жыл болчу… Ал эми Бишкектин борбордук аянтына “Манас” эпосундагы терс каармандардын айкелдери коюлганда 2009-жыл болчу… Андагы президент Курманбек Бакиев чоң салтанат менен барып ачып, арасында терс каармандар бар экенин билбей калганын билдирген…

Жалган жалаа менен соттолуп, γй камагында отуруп калган агабыз азыркы президент Садыр Жапаров менен менен чогуу темир тор артында отурганын, алардын соттук ишин бир эле судья караганын, туура эмес чечим чыгарган сотторду жазып, чындыкты элге жеткирγγ максатта бир топ журналисттерди жалдап, аларга акысын тɵлɵп бергенин, «Кумтɵр» маселесин бир канча жолу кɵтɵрγп чыкканын эскерди…

Кыскасы, кайрымдуулук иштерди жасаган, «Манас» эпосубузду бурмалагандарды теске салып, эске салып, улуттук башкы баалуулуктарыбыздын даңазасын арттырып, аалам элине таанылышына салым кошкон жана кошо берерин эмгеги менен бекемдеген Карганбек Самаковдун жогорку наамга татыктуу экенинен кγмɵнγм жок. Сунушту колдойм!

Адамдардын пейили оңолсун! Душмандар жоголсун! Жакшы иштер кɵп болсун! “Улутубуз – кыргыз! Урааныбыз – Манас!”

Иш-чараны алып барган Раимжан агабыз маркум мыкты акын иним Зайырбек Ажыматовдун «Мен кыргызмын» деген ырын айтып, иш-чараны аяктады.

МЕН — КЫРГЫЗМЫН!

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!

Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жакында эле Зайырбек Ажыматовдун эскерүү кечеси өтүп, ушул ыры обон менен ырдалды. Ал эскерүү боюнча жакында жарыялайбыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.