Жарлык. Нарк. Сүйүнбек Касмамбетов… Жеңишгүл Өзүбекова… (3 видео)

Жарлык. Нарк. Сүйүнбек Касмамбетов… Жеңишгүл Өзүбекова… (3 видео)

Наркты жандандырган Жарлык

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өлкөнүн булуң-бурчунда бир топ иш-чаралар жүрүүдө… Кезек  “Кыргыз сериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесине жетти. Алар эки күн (14-15-ноябрда) Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Нарк» аттуу руханий-социалдык 3 клип, 12 роликтин бет ачарын, байыркынын баянын улуттук кийимдерге салып жүргөн этнодизайнер Гүлжан Ирештин коллекциясын көрсөтүп, байыркы кыргыз күү-музыкасын 24 жылдан бери өзүбүздө эле эмес, ааламга да жаңыртып келаткан, унутта калган байыркы аспаптарга, байыркы күүлөргө жаңыча өмүр берген «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театрынын концертин өткөрүштү. Иш-чара фойедеги сүрөт көргөзмөсү менен башталып, нукура кыргыз тамак-ашы (алгачкы күнү фуршет) менен аяктады. Анда эмесе, сөз башынан болсун!

«Атадан калган нарк — Ата Журтка барк!»

Клип, роликтердин бет ачары алгач бийлик өкүлдөрү келген күнү (14-ноябрда) болду. Коноктор катарында Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана башка чыгармачыл адамдар отурду. Бет ачар алды “Кыргыз сериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Жеңишгүл Өзүбекова сахнага чыгып, кыргыз наркын 1 мүнөткө сыйдыруу оңой эместигин, аны тартуу түйшүгү канчалык оор болгонуна токтолуп, көрүүчүлөргө жакшы маанай каалады.

Андан нары өзгөчөлүү кече шаман бийи менен башталды. Иш-чаранын өзөгү болгон «Ийик», «Жаргылчак», «Элечек», «Боз үй», «Куш», «Жылкы», «Топоз», «Балык», «Ата», «Бала», «Карыя» аталыштагы роликтер «Ордо Сахна» коштогон ар бир чыгарманын арасында көрсөтүлүп жатты. Υн-сөзү жок, бирок терең философиялык баяны бар ар бир роликке ток этер 4 саптан ырды Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов жазыптыр. 12 роликтин соңку ураан сабы «Атадан калган нарк, Ата Журтка барк!» деп айтылат…

Ар бир роликти коштогон «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры кыргыз күүлөрүн, санаттарын чертип, элдин көөнүн да, көзүн да ачышты… «Ордо Сахнанын» солисткасы, мыкты ырчы Дамира Ниязбекова бир топ санат ырларды ырдап отургандарды ойго салгандай эле болду… Улутубуздун улуулугун, сулуулугун, баркын, наркын унутуп бараткан заманда баарыбызды бир селт эттирген бул кечеде элди эзген «Беш каманды» ырдайм деп жапа чегип, ызгардуу суук Сибирде – Иркутскиде сүргүндө болуп кайткан, кош заманды – бай-манаптын жана совет доорун көргөн айтылуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун «Өмүр» деген ырын ырдаганда, көздөн жаш тамбай койбойт да…

Бир чөгъп, бир ачылып будуң-чаң болгон көңүлүбүздү көтөргөн жеткинчектер, өзгөчө ортого кыргыз кийимин кийип чыккан кичинекей балдар болду… Алар да кеченин ажарын ачып, бала кезде биз ойногон «Ак теректен, Көк теректен» баштап кыргыздын бир топ оюндарын ойноп, кыздар чачтарын өрүп… бактылуу балалыкты эске салды…

Кичинекей баланын отун көтөрүп келатып, чүкө ойноп кеткени жүрөктү элжиретти…

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Асылга асыл кол салбайт…»

Башта белгилегендей, ар бир роликтин салмагы да, каткан баяны да укмуш экен. Алмустактан кыргыз элинин жашоо-турмушу, адеп-ахлагы, каада-салты, дүйнө таанымы улуттук нарк менен бекемделип келатканы үн-сөзү жок, музыка коштоосунда гана баяндалып, клиптердеги ырларды ырчылар Ырыскелди Осмонкулов, Каныкей жана Кайрат Примбердиев ырдаптыр. Албетте, клипте да кыргыз наркы, баркы чагылдырылыптыр…

Ал эми үн-сөзү жок тартылган роликти чынында бир отуруп эле түшүнүү кыйын. Түшүнбөй калганын министр деле моюнга алып, аны сиңириш керектигин ачык эле айтты. Улут тууралуу бардык баянды семичкедей эле чаккан мамкатчы түшүнбөй калгандарга ушундай майдалап түшүндүрүп берди… Ал киши айткандай, кечеден чыккандар үйгө жеткенче жол бою роликти талкуулап, сындап бардык окшойт…

«Кыргыздын артына бычак сайса, алдынан кучак жайган эл…»

Айтмакчы, айтылган роликтер эртеси да эл сынына коюлуп, кийинки, 15-ноябрдагы иш-чара ушундай аншлаг менен өттү. Залга эл жык-жыйма толуп, көрүүчүлөр тепкичтерге чейин отуруп калышты. Аягына чейин жылбай көргөндөрдүн кыйласы башка улут өкүлдөрү экени, акцент менен болсо да, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрү аябай жакты. Анткен менен апаларын ээрчий келген, кичинеси болжолу 3 жаш, андан чоңураактары мектеп окуучулары болгон балдар болбой эле сотка чукулап… кээси уктап да калганы бир аз өкүндүрдү… Улут наркын, улут баркын ушулар сиңирсе сонун болмок да… А балким, улуу элдин урпагы да, угуп жатып, уктап жатып сиңиргендир…

Баса, бул күнү бийлик бийиктегилерден Жогорку Кеңеш депутаттары Мирлан Самыйкожо менен Чыңгыз Айдарбеков келди.

Манас айтуу менен аяктаган иш-чарага ыраазы эл ордунан тура калып, бир мүнөттөй кол чаап турушту… Демек, элге абдан жакты… Бул Жеңишгүл жеңебиздин дагы бир жеңиши…

Арналды ушул Ак бата…

Улут уңгусуна сүңгүткөн керемет кечени уюштурган — “Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты”, “Тор”, “Кууш жолдо”, “Кара жолтой” сыяктуу кыргыз сериалдарынын жаратуучусу, белгилүү драматург, акын Жеңишкүл Өзүбекова. Бул иш-чарадан мурун анын калемине таандык, төкмө акын Аалы Туткучев төгъп, ырчылар ырдап коштогон «Күйөө сатам» деген чыгармасынын негизинде коюлган спектаклди көрүп келгенбиз. Спектаклди борбор шаарыбызга чыгармачылык сапар менен келген Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры койгон болчу. Анда эжекебизге, жеңебизге легендарлуу ырчы Дарика Жалгасынова эжебиз жоолук салып, батасын берген…

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт»

«Тарталбай тизгинин өмүрдүн,/Түмөндүү түйшүккө көмүлдүм./ Атымды Жеңишкүл койсо да,/ Албуут, тар тагдырга жеңилдим” деп Жеңишкүл эжебиз адам баласын кээде кубантып, кээде кайгырткан “албуут, тар тагдыр” сыноолорун мурда бир ыр саптарында жазган экен… Эженин жакын адамынан айрылып, оор сыноолорду жеңип, кайрадан чыгармачылыкка кайрылып келгени кубантты. Дегеним, жеңебиз жолдошу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдон  2020-жылы ажырап калган. Агабыз узак оорудан Москвадагы ооруканада көз жумуп, дүйнөгө жайылган коронавирус илдетине байланыштуу бизде да, Орусияда да карантин узарып жатканда Ташбоо Рахманбердиевичтин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө маселе жаралып… жеңебиз чуркап жүрүп ал маселе да чечилип, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.  «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» деп кыргызда бекер айтылбаса керек…

Ак-кара, ачуу-таттуу, жапыз-бийик,

Күн чыгат кара түндү түрүп ийип.

Күтүүсүз кар борошо уруп калса,

Кайрадан жарк дейт асман күлүп ийип!” деп акын жеңебиз жазгандай, аза кайгысын, жүрөк сыздашын убакыт дарылады окшойт… Чыгармачыл адамдар жоктоо дартын жазуу менен гана жеңет экенбиз. Жеңем экөөбүздүн тең жолдошубуз бир жылда кеткени чоң арман… Туулган күнүбүз да 1-май экен. Жеңебизге бекем ден соолук, ишине ийгилик каалап, «Эсиңдеби, курбум, баягы» аттуу жакшы ыры менен аяктайм.

Сөзү Жеңишкүл Өзүбекованыкы, обону бир тууган иниси Асылбек Өзүбековдуку. ВИДЕО

Назира СААЛИЕВА

P.S. Ушундай мыкты иш-чарага чакырган кесиптешим Элнура Кулуевага жана Дамира Жангазиевага эжеге ыраазычылык билдирем. Эки чакыруу менен эки күн бардым, ойго баттым…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.