Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ: «Бейиш бул жакта…» (ВИДЕО)

Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ: «Бейиш бул жакта…» (ВИДЕО)

«Оо, дарегим! Оо, карегим!» … «Көчмөн жаратман»…

Ушул жылдын башында, тагырагы, 3-февралда, УТРКда жана «Супарада» кыргыздын чыгаан жаратман уулу, белгилүү жазуучу, публицист Таабалды Эгембердиевди (Бердигул уулу) эскерүү кечеси, аны менен катар бул кишинин өмүр жолуна арналган, Түркиядан басылып чыккан «Оо, дарегим! Оо, карегим!» (485 бет), «Көчмөн жаратман» (300 бет) аталыштагы эки китептин бет ачаары болуп өткөн. Окурмандар китеп текчесине жасалгасы да, ички материалдар жайгашуусу да өзгөчөлүү, көлөмдүү, салмактуу, сапаттуу бир башкача китеп тартууланган эле…

Алсак, «Оо, дарегим! Оо, карегим!» китебинде Таабалды агабыздын журналисттерге берген маектери катар-катары менен кетпей, 485 беттин ар кай жерине чачыратылып берилген. Чачырап дегенде, башаламан эмес, ата-энеси тууралуу айткандары бир жерге, жубайы жөнүндө айткандары бир жерге, иш боюнча баяндагандары башка бир жерге чогуу берилген.

«Жаңы китептердин таанытымы»

Бул китептерди сөз кылганыбыздын себеби, жакында эле бул китептер Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканада таанымал инсандардын катышуусунда талкууга салыныптыр. Тагырагы, 29-ноябрда, акын, журналист Догдурбек Юсупов агабыздын «Фейсбуктагы» баракчасына аталган китепканада жогорудагы эки китептин таанытымы болуп өткөнүн жазды. Айтымында, иш-чарага КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясат таануу илиминин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков, “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Шекербек Калыков, “Алыкул таануу илимий борбору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Асаналиев, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Дүйшөнбек Керимов, Чолпон-Атадагы Алыкул Осмоновдун үй-музейинин негиздөөчүсү, фотожурналист Бакыт Асанбаев катышып, Таабалды агабыздын кезинде дүбүртү катуу чыккан айтылуу КДК —  Кыргызстан демократиялык кыймылында, дегеле, саясатта, коомдо, ишкерчиликте жүргүзгөн иштерин айтып, «Таабалды Эгембердиев ааламын» аңтарып кыйла кепти козгошкон экен.

Манасчы Замирбек Баялиевдин манас айтуусу менен башталган иш-чара студенттердин суроолору менен аяктаган. Алардын суроолоруна басымдуу Таабалды аганын жубайы Жаңылсынзат Турганбаевага жооп берген. Мыкты суроо узаткан студенттерге Таабалды Эгембердиевдин саясий ишмердиги чагылдырылган, фотожурналист Бакыт Асанбаевдин колтамгасы коюлган сүрөттөр белекке берилген.

«Көчмөн жаратмандын» керемет жери…

Зарыл иштерден улам бул жакшы иш-чарага катыша албай калдым. Ошентсе да, саясатка аралашса, мыкты саясатчы, жазуучулук жакка кетсе — мыкты публицист, журналист, жазуучу, бизнесте болсо, этникалык, маданий, тарыхый, экологиялык, рекреациялык, ишкердик, ден соолукту жакшыртуу сындуу туризм түрлөрүн айкалыштырып «кыргыз кереметин” жаратып кеткен Эгембердиев Таабалды агабыздын чакан чөйрөдө эскерилгенине кубандым. Келген студенттерге келечегине, улут таанымына гүлазык болчу сонун кептер айтылганынан күмөнүм жок.
Эми Таабалды агабыз сейрек көөкөр таштай окуган сайын, уккан сайын, жазган сайын  улам бир жана миң кыры ачылган бүтпөс баяндай да… Кыргыздын улуттук тамак-ашын, суусундуктарын дүйнөгө таанытып, кандай бийиктиктерге көтөрүп койду… «Супара кыргыздын тери дасторкону. Илгери чүпүрөк чыга электе кыргыз териден супара жасап, тамак жеген.
Кийин чүпүрөк-тасмал пайда болуп, супарага камыр жасалып калган» деп өзү түшүндүргөн Супара деген аталышты Таабалды Эгембердиев бир кыргыз эмес, ааламдын булуң-бурчунан келген тили буруу чет өлкөлүктөр да айта турган этно-комплекске айлантты. Кийин байыркы менен азыркыны жуурулуштуруп, кыргыз жыттанган керемет «Супара-Чуңкурчак» эс алуу жайын негиздеп кетти.
«Супара-Чуңкурчак» эс алуу жайы Бишкектен Арашан тарапка кеткенде 40 чакырымдай алыстыкта. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы, Аламүдүн, Ала-Арча капчыгайларынын аралыгындагы кооз өрөөн Чуңкурчак капчыгайында, бир тарабында ийне жалбырактуу карагайлар жыш өскөн тоо боорунда. Ал жер кандай гана азап, мээнет, эмгек менен курулганы «Көчмөн жаратман» аттуу китебинде жазылган. Жубайы Жаңылсынзат айым да китепти туура атаган «Көчмөн жаратман» деп… Агабыздын бардык философиясы, дүйнө таанымы, жан дүйнөсү, ой чабыты, кыял-максаты, иши ушул аталышта башталып, ушул аталышта улантылып жатат. Суктанарлык бул жайга жети дубандан эле эмес, өлкөдөн тышкары коноктор агылып келээрине өзүм да күбө болдум. Бишкек шаарынан нары 40 чакырымды алыс көрбөй, капчыгай ичиндеги таш жолду кыйын дебей турпаты, ички жасалгасы да келишкен боз үйлөрдө, бешик үйлөрдө эс алгандар андан, ал жердин даамдуу тамагын жеп, карагай аралай басып жөн-жай эс алганы келгендер мындан көп экен.
Айтмакчы, бул керемет жерди  Таабалды агабыз «балта-чотун колуна алып, курулушуна өзү киришип» он жыл мурун — 2013-жылы негиздеп кеткен. Бирок, акылында, жүрөгүндө жаралган буркан-шаркан көп идея  өзү менен кошо кетти… Бүтпөй калган көп ишин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева улантып келатат. Таабалды агабыз кезинде «Супара-Чуңкурчак» боюнча: «Сырты меники, ичи Жаңылдыкы» деп айтканындай, адистиги тарыхчы жубайы боз үй ичин, бешик үй ичин нукуралуулукка жакындатып укмуш жасалгалаптыр…

Апамдын көчмөн турмуш баяны..

Айтайын дегеним, жаздын соңку айында апам болуп биз да «Супара-Чуңкурчакта» Жаңыл айымдын тартуулаган белеги менен эс алып калдык. Боз үй ичи, бой менен тең панорама терезеси, ички эмереги, кийиздин иммитациясы берилип шыбалган дубал шыбагы — баары-баары аябай жакты. Төбөдө түндүк, дубалдын бир жагында бетинде илгерки ата-бабаларыбыздын үзүм турмушу түшүрүлгөн панно илинип турат. Ɵзү да иштүү апам панного абдан кызыгып, андагы бабаларыбыздын көчмөн турмушун мындайча чечмелеп берген:

Ошол эс алуубузда, тоонун таза абасында таң атпай сейилдеп, күндүз да, кечинде да кере жутуп, булак суусун кана ичип, тээ бийиктиктен алынып келинген тоо суусуна жуунуп, керемет кыргыз даамынан татып, «кечээ ким элек, бүгүн ким болдук, байыркыбызды азыркынын агымына аралаштырып жоготуп жибербейли, кайсы улуттан экениңди унутпа» деген тилек менен ушундай керемет жерди куруп берген Таабалды агабызга, боз үйлөрдүн ички жасалгасын келиштире жасаган, «көчмөн жаратмандын» улуу иштерин ыргагынан жоготпой улантып жаткан Жаңыл айымга абдан ыраазы болгонбуз, азыр да «Таазим!» деп айткым келет!

Эркин МАЙЧИНОВ: «Атабыз бешик үйдө жашап жүрүп, боз үйдү салды…»

Айтмакчы, ошол эс алуубузда «Супара-Чуңкурчактан» керемет бир жигитти жолуктурдук. Ал этнокомплекс пайдубалы түшө баштагандан Таабалды аганын жанында болуп, кол кабыш кылып, азыр конок тейлөөчү менеджер Эркинбек Майчинов экен.
Бул жайдын сырын жакшы билгендин бири экенсиң деп кепке тартсак, сынынан жазбай жакшы баян куруп берди.
Айтымында, ушул «Супара-Чуңкурчакты» агабыз куруп баштаганда жубайы Жаңыл айым түпөйүл болуп: «Бул жакка эл келеби? Жөн эле ден соолугуңузга күч келтирип жатасыз да…» деп, жыгачын аралап, ташын чапкылап, кескилеп, муздак суу, муздак ылайга колун салган жолдошунун ден соолугуна кейип көзүнө жаш алган экен. Ошондо агабыз адатынча камырабай жылмайып: «Көрөсүңөр го, Жаңыл, бу жерге эл агылып келет. Азыр минтип ыйлап жатсаң, ошондо кубанганыңдан ыйлайсың…» деген экен. Тобокелчиликти жандаган көрөгүчтүгүн караңыз, айтканындай эле, «Супара-Чуңкурчак» эл агылган керемет жай азыр…
Конокторду жакшы тосуп, узаткан, «Супара-Чуңкурчактын» ийне-жибине чейин билген, таржымалына кызыккандарга кызыктуу кылып айтып берген каарманыбыз Эркинбектин өзүнүн таржымалын сурай кетсек, ал бизге — Таласка күйөө бала, өзү ушул «Супара-Чуңкурчак» жакын жаткан Чүйдүн Аламүдүн районундагы Арашан айылынан экен. «Атам Майчинов Темирбек өмүр бою милиционер болуп иштеген, апам Ырыскан Абдымомунова үй кожейкеси» деген Эркинбек жубайы Уметалиева Жылдызды Талас шаарынан тапкан. Азыр экөө үч уул, бир кыздын ата-энеси. Кызыгы, Эркинбек экөөбүздүн адистигибиз да бир болуп чыкты. Ал да мурдагы БГУ (Бишкек гуманитардык университети), азыркы БМУнун (Бишкек мамлекеттик университетинин) политология факультетин бүтүрүптүр.
Ошондон улам ага: «Адистигиң боюнча иштебегениңе өкүнбөйсүңбү?» десем, «Жок!» деди. Ага улуттук туризмге салым кошкон азыркы иши жагат экен…
Эркинбектин ар бир сөзүнөн Таабалды агабызга, анын жубайы Жаңылга урмат-сыйы зор экени байкалды. Анан да Таабалды ага дебей, ата деп сүйлөп жатты.
«Арашан айылыбыз бул жерге жакын да. Ушул Чуңкурчакка иш баштаганын угуп, Таабалды атабызга жардам бергени келип жүрдүм. Ошондо атабыз: «Мени ээрчисең жаңылбайсың. Эгер чыдасаң, анда үйлүү-жайлуу, машиналуу болосуң» деген эле… Ошондой эле болду, Кудайга шүгүр. Эми атабыз ою, иши төп келген бир керемет киши эле да. Ушул боз үйлөрдүн чийим-түзүмдөрүн тиги бешик үйлөрдүн биринде жашап жүрүп эле чийип салды да. Келечекте мынчалык керемет жерге айланаарына анда ишенген аз эле. Чынында эч ким ишенген эмес. (Күлүп) Жадагалса мен дагы. Бардык ишке өзү аралашып, боз ала топурак болуп, ылай, сууга колун салып жанын үрөп иштеди. Укмуш пландары бар эле да… Ишке ашпай калгандарын четинен Жаңыл эжебиз жөндөштүрүп жатат. Кабылдамадан баштап баары-баары жыгачтан жасалган кооздукту көрүп жатасыздар… «Ɵмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин» деп кыргыздын алп акыны Аалы Токомбаев айткандай, өзү кетсе да, артында кылымдык тарыхый иштерди жасап кеткен атабыздын жаткан жери жайлуу болсун!» — дейт Эркин.

4000 метр бийиктиктен тартылып келинген суу…

Баса белгилеп айтарым, тоо боорундагы боз үйлөрдүн ичинде шаардагыдай бардык шарт бар: ысык, муздак суу, жуунучу жай, кол жууган чакан раковина. Анын жанында сууну үнөмдөңүз деген эскертүү максатында ак таңдай акын Жеңижоктун 801 саптан турган санат ыры «Аккан суудан» бажырайып «Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор» деген эки сабы, анын алдында: «Бул сиз колдонгон мөңгүнүн – булактын суусу 4000 метр бийиктиктен тартылып келинген» деп боз үй ичиндеги суу таржымалы жазылган. Чын эле ошончолук бийиктиктен келгенби деп Эркинден сурасак, Таабалды агабыз күнүгө тоо беттерин ат минип чалгындап барып жүрүп, акыры суу тартып келчү жерди таап, тарттырып келгенин айтты. Бул да эмне деген мээнет, эмне деген эмгек, чиркин?!

Ашкана, душтан кийинки саркынды суу кайда кетет?

Алты бакан… Арча…

Эс алып сыртка баскандарга кыргыздын эзелки оюндарынын бири алты бакан салынган. Ага чыгып ары-бери башыңды айлантып, бийиктиктерге серпилип селкинчек тепсең болот. Анан стол тенниси орнотулган. Ал үчүн өз ракеткаңды, томолок тобун ала барсаң болот. Эркиндин айтымында, бери жактагы кооздук арчаларын Таабалды агабыз өзү отургузган экен.

Андан нары ийне жалбырактуу карагайлар токоюн аралап кетсең болот.  Токой, тоо беттеп басып баратып, карагайлар арасына жашынган бешик үйлөрдү жолуктурасың. Эс алуучулар кетип, жаңылары жайланыша турган болсо, ар бир үйдү тазалап, шейшептердин эскилерин куржунга салып чыгарып, жаңысын алмаштырып, суу-суусундуктарын жаңыртып жүргөн улан-кыздарды кезиктиришиң да мүмкүн. Бул жактын жашоосу  жыл бою ушундай агымда…

Самоор чайы… сары май…

Эми тамак-ашты, айтканда не, айтпаганда не, бир татып көрүш керек. Кыргыздын тамак-ашы эт кайнатып, камыр салып койгондон да бай, түрдүү, байымдуу, кубаттуу, пайдалуу, өзгөчөлүү, нукура, табигый таза экенин Таабалды агабыз «Шоро» деп максым чыгарып баштагандан далилдеген. «Супара-Чуңкурчактын» ашканасынын даамы эми бир укмуш! Сары май… талкан… курут… самоор чайы… Анан меню башында жана аягында Таабалды агабыздын «Адамдын уулугу эч качан байлык менен эмес, бир гана ата мекен үчүн берилген эрдиги жана эмгеги менен өлчөнгөн» деген сөздөрү үч тилде (кыргыз, орус, англис) жазылганы жакты.

«Баары эле кайдагы Дубайды, башкасын айтышат. Бейиштей кооздук бул жакта турбайбы» деп апам айткандай, бир туруп кечээги көчмөн жашообузду, бир туруп балагыбызды эске салган «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекс эс алуу жайында сонун эс алуу күндөрүн өткөрдүк. Кыш, жаз, жай, күз дебей 4 мезгил тең иштеген эс алуу жайына, таза абага үй-бүлөңүздөр менен барып эс алыңыздар, арманда калбайсыз!

Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ: «Бейиш бул жакта…»

Акырында айтарыбыз, «Бейиш бу жакта…» деген агабызды Кудай бейишине алгандыр… Ишин улантып келаткан жубайына арбагы ыраазы болуп жаткандыр… Таабалды агабыздын турмушта тапкан табылгасы Жаӊылсынзат Тургамбаева тууралуу 2005-жылы айтып берген эле… «Бишкек таймс» гезитине жарык көргөн ошол маек «Оо, дарегим! Оо, карегим!» китебине да кириптир… окуп коюңуздар…
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.